Акыркы макалалар

«Бъткъл дъйн=лък жаштар ассамблеясы» коомдук бирикмесинин президенти Саид БАЮМИ: “ЖҮРӨГҮМ СИЛЕР МЕНЕН БИРГЕ БОЛУП КАЛДЫ”

«Бъткъл дъйн=лък жаштар ассамблеясы» коомдук бирикмесинин президенти Саид БАЮМИ:  “ЖҮРӨГҮМ СИЛЕР МЕНЕН БИРГЕ БОЛУП КАЛДЫ”

Саид Баюми… бул ысым атпай кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал. Он беш жылдан бери жети дубанды кыдырып, мечит, мектеп салдырып, таза суу чыгартып, ооруканаларга медициналык жабдууларды, дары-дармектерди, майыптарга коляска, жетим балдарга ай сайын жөлөк пул, кийим-кечелерди берип, айтор жар салып, мактап-даңктап айтаарлык жакшылыктарын жасап келе жаткан жүрөгүнө жакшылыктын үрөнүн өндүргөн асыл адам.

Жыл тогошоор алдында Нарын шаарына келип, он жылдан бери камкордукка алып келаткан облустагы атасынан айрылган 145 балага 5000 сомдон жана 1500 сомдук жылуу курткаларды таратып, «Баатыр энелерге» Диплом жана кымбат баалуу белектерди, мыкты окугандарга стипендия берип, көңүлдөрүн көтөрүп кайтты. Жаңы жыл алдындагы мындай маңдай жаркыткан жолугушуунун соңунда жүзүнөн нуру төгүлүп, ак калпагы башына куп жарашкан Саид Баюми менен маектештик.

- Жергебизге куш келиңиз Саид мырза, элибизде «жетимди көрсөң маңдайынан сылап өт» деген накыл кеп бар эмеспи. Сизди атасынан айрылган балдарга ата жогун жоктотпой үйрүлүп, жалгыз бой энелерге боор толгоп, оорун колдон, жеңилин жерден алышкан кайрымдуулуктун кайталангыс өрнөгүн көрсөткөн пейли кенен, акылга бай адам катары теңиртоолуктар терең урматтайбыз. Соопчулукту тек гана өз атын чыгаруу же кудайдан коркуп арууланчу касиет эмес жаркын жашооңузда бири-бирибиздин жүрөгүбүздү жылыткан кудуреттүү күч катары баалаган сиздей жан дүйнөсү жарык, жүрөгү таза, алпейим адамдын өтөлгөлүү өмүр жолу, турмуштук көз карашы тууралуу билгибиз келет.

- Бисмиллахир-рохмаанир-рахиим. Алгач сөзүмдү мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын. Бүткүл ааламдардын жаратуучусу болгон Алла Таалага мактоолор жана анын элчиси Муххамадга (САВга) салам жана салаваттар болсун. Көңүл кубанткан жылуу сөзүңүз үчүн ракмат. Өзүм тууралуу айтсам быйыл элүү жашка чыктым. Жогорку билимдүүмүн, кесибим инженер. Үй-бүлөлүүмүн, эки кыз, эки уулдун атасымын, кичүүлөрү Бишкекте төрөлүшкөн. Кыргызстандын жаранымын.

Нарынга келээрден эки күн мурда Бишкекте «Балдар биздин келечегибиз» аттуу кайрымдуулук акциясын өткөрүп, 460 балага жардамыбызды көрсөтүп жатсак менден бир журналист:«Кыргызстанга 8 миллион доллардан ашык каражатка жардам көрсөтүлүптүр, мындай кайрымдуулуктун башкы максаты эмнеде»?- деп сурап калды.

Мен үчүн көнүмүшкө айланган журналисттер жана кызыккан адамдар тарабынан берилип жүргөн бул суроого: «Биздин Кыргызстанда аткарып жаткан көптөгөн долбоорлорубуздун ичинен тагдырдын буйругунан атасынан айрылып, жесир апасынын багуусундагы көңүлү өксүк балдардын жүрөгүнө жылуу сезим тартуулап, жүзүнөн кубанычтуу жылмаюуну көрүү биздин эң башкы максатыбыз»,-дегениме ал таңгалгандай, ишенбегендей карады. Жашоодо бири-бирибизди чын дилден кадырлай билип, кудайды көз менен көрбөсөк да көкүрөк менен таанып, жүрөгүбүзгө ыйман деген улуулукту түнөтүп жашай билүү ар пенденин жарыкчылыкка келгендеги парзы экендигин да кошумчаладым.

-Хаддисте: «Инсандардын улуулугу динде, күч-кубаты акылында, сулуулугу адеп-ахлакта»,-деп айтылыптыр. Сиз дүйнөдөгү бай-манабы ташыган ток этээрин айтканда эли кудум бейиштегидей жашашкан көптөгөн өлкөлөрдү кыдырып жүрөсүз. Мурдагы улуу держава СССРдин ыдырашы менен өз алдынча түтүн булаткан шериктеш мамлекеттердин арасынан кыргыз өлкөсүн артыкча кадырлап, жарандыгын алып, бала-чакалуу болуп, айтор «этиңиздин кыргыз» болуп калганыңызга кызыктарбыз.

- Ооба, ар кимибиздин туулуп-өскөн жерибиз өзүбүзгө ыйык, мисир эмеспи. Жараткан эгем мага ушундай пейил ниети түз, меймандос, ак көңүл, эли бар кыргыз жеринде өмүр сүрүү бактысын бешенеме жазып койгонуна ыраазымын. Алла Таалам кыргыз элине табияттын кооздугун, суу, жер, эсепсиз кен байлыктарын аябагандай марттык менен берген. Кыргызстанды экинчи мекенимдей сеземин. Мага ар бир облустун элинин бири-бирине окшобогон өзүнө таандык каада-салттары, үрп-адаттары жагат.

Бүгүн таң эрте жолго чыгып, Долонго жеткенде жаратылышка абдан суктандым. Бийик тоолор, аппак кар, таза аба…Жайкысын Бишкек катуу ысып жатканда бул жак салкын, аппак боз үйлөр, көп ооруга шыпаа болгон бээнин сүтү, саамал, кымыз, айран, курут… Ошко барсам пловду, Нарынга келсем бешбармакты табитим тартып, жакшы жейм.

- Кечиресиз, сөзүңүзгө аралжы, башыңызга кийип турган ак калпак каратору жүзүңүзгө куп жарашып, калат экен. Дегеним «кайсыл жерди жердесең ошол жердин ырын ырда»дегендей улуттук каада-салтыбызга, эң оболу элибизге болгон урматтооңузбу. Балким ак калпактын башкалардан айырмаланган кандайдыр бир касиетине кызыккандан улам киесизби? Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз, жубайыңызды, уул-кыздарыңызды кандай эс алдырасыз?

- Кыргыз эли дүйнөгө ушул баш кийими, комузу менен таанылып келе жатпайбы. Ак калпакты башымдан түшүрбөй кийгенимдин себептерин айта кетейин, биринчиден улуттун каада-салтын сыйлаганым, экинчиден башка баш кийимдерден өзгөчөлүгү бар экен. Мага жакканы ысыкта күн өткөрбөйт, суукта үшүтпөйт. Ак калпак тууралуу бир гезиттен окудум. Илимпоздор калпактын «күч талаасынын» чогулуу борбору адамдын төбөсүнө дал келип, мындан улам ой жүгүртүү терең, сезимтал болоорун, ар кандай терс энергия калпактын төбөсүндөгү төрт үч бурчтук кошулган жеринен суурулуп чыгып, ар түрдүү ооруларга каршылыкты көрсөтөөрүн жазыптыр. Боз үй тууралуу да ушундай пикирди айткым келет.

Бош убактымды үй-бүлөмө арнаймын, балдарымдын сабагына көңүл бурам, насааттарымды айтам дегендей… Жаратылышты жакшы көрөм, үй-бүлөм менен «Ала арча» өңдүү кооз жерлерде эс алабыз. Туугандарым келип калганда да аларды ошол жакка алып барам, керемет жер тура деп суктанышат.

- Жолугушууда сиздин: «Менин Саид деген ысмым арабча кубаныч, бакыт»,-дегенди билдирет. Жүрөгүм силер менен бирге болуп калды. Мен өзүмдү силердин атаңармын деп эсептеймин, колдон келген жакшылыгымды аянбаймын”,-дегениңизде дүркүрөгөн кол чабуулардан зал жарылып кете жаздагандай болду. Жакшы сөзгө жаны эргиген айрым апалардын көз жашылап ийишкенин да көрдүм...

- Мен мындай жүрөгүмдөн чыккан жылуу сөзүмдү ушундай жолугушууларда ар убак айтып келем. Бир тууган мусулмандарга болгон бекем сүйүү, бири- бирибизге болгон урматтоо анан жакшылыктарды жасоо сөз башында өзүңүз айткандай жетимдерди маңдайынан сылап гана тим болбой жардамыбызды берүү менен ал балдардын жүрөгүнө ыймандын жарык нурун себелеп жатабыз.

Биздин камкордугубузга алынган жүздөгөн балдар мектепти, жогорку окуу жайларын бүтүрүштү. Алды үйлөнүп, балалуу болушту. Менин үмүтүм ар бир бала келечекте өз жолун тапса мейли алар мугалим, депутат, министр болсун элине адилет кызмат кылышын кудайдан тилейбиз. Бир нерсени айта кетейин, бул тилекке жетиш үчүн мен жана апалары Аллахтын алдында баарыбыз бирдей жооптуубуз. Андыктан мындай милдетти биргелешип алып барышыбыз керек. Балдарга жөлөк пул берүү менен гана чектелбейбиз. Жогорку окуу жайында окугандардын контрагын төлөп, мыкты студенттерге стипендия беребиз, ооруп калгандарын дарылатабыз, үйлөнүп-жайланганда тоюн өткөрөбүз. Аманатты ишке ашырууда Алла бизге да апаларга да жардам берсин.

Жүрөк дегенибиз бул ыймандын уясы эмеспи. Жолугушууларда менин айткан акыл-насаатым ошол денедеги кенедей уяны толкуткан жылуу сөздөрүмө курсант болгон эне-баланын жүзүндөгү кубанычты көргөндөн кубаттанам, рахаттанам.. .

- Өткөн советтик коомдо “дин-элдин башын айландырган апийим”,-делип эл бийлеп, журт башкаргандар маркумга топурак салып, жакындарына куран окугандан айбыгып калган кезди да баштан кечирген элек. Чыгыштын бир улуу даанышманы: ”Жүрөк дин илимдери менен ал эми акыл табият илимдери менен нурданат,”-деген экен. Сиз Кыргызстанды түгөл кыдырып, улуттук салт-санаабызды, үрп-адаттарыбызды жүрөгүңүздөн өткөргөн адам катары элибиздин ислам динине болгон мамилесине кандай карайсыз?

- Кудайга шүгүр, мен алгач Кыргызстанга келген он беш жыл мурдагыга караганда исламга бет алгандардын, улууларга караганда мечитке келген жаштардын көбөйүп келатканы, айрыкча биздин коомдук бирикменин балдарынын, алардын апаларынын дээрлик көбүнүн намазга жыгылганы мени абдан сүйүнтөт.Тилекке каршы арабызда балдарын мечитке жибербеген ата-энелер да бар. Мугалимдик-бул пайгамбарлык кесип десем аша чаппайм. Бирок окуучулардын мечитке баруусуна каршы чыккан айрым бир мугалимдердин мечит менен мектеп жакшылыктарга жол ачкан бири-бирине данакер болгон эки тирек экендигин түшүнө беришпегенди өкүндүрөт.

-“Ата-энелер үчүн өз балдарына жакшы тарбия берүүдөн өткөн мурас жок»,- Муххамед пайгамбарыбыздын үмөттөрүнө калтырган ушул осуятын орундатууда айрымдарыбыздын өз парзыбызды унутта калтырганыбыз, балдарын каалагандай ичинтип-кийинтип, эркине коюп эркелеткенибиз алардын жаман адаттарга азгырылышына, динди тааныгысы келбегенине себеп болуп жаткандай туюлат. Балдарды туура тарбиялоодогу ата-эненин милдети тууралуу сөз учугун улайлы.

-Алла Таала ата-эненин жүрөгүнө балдары үчүн бөтөнчө мээримди чексиз сүйүүнү жараткан эмеспи. Балдарды ыйман жолунда тарбиялоо ата-эненин бирден бир милдети. Ар пенденин жүрөгүндө ыйман, сыртында жакшы адеп- ахлагы болуусу керек.

Аталуу, бардар турмушта жашаган балдар менен атасыз, жетишпеген жашоонун карын тарткан жалгыз бой энелүү балдардын бири-биринен айырмасы бар. Өксүк балдар ыймандуу, боорукер, кичипейил келет, эртеңки келечеги тууралуу ойлонот, толгонот. Байлардын айрым балдарында мындай сапаттар азыраак, жыргал жашоо алардын энчисине берилгендей кудайды да унутуп, каалагандай сайрандашат, бирок турмуштан көрүп-билип жүргөндөй алардын мындай жыргалчылыгынын жолу узак болбойт.

Балдарды мээримдүүлүккө, адилеттүүлүккө, сабырдуулукка, чынчылдыкка, мээнеткечтикке билим алууга тарбиялоо керек. Мындай сапаттарды алып жүргөндөрдүн даражасы көтөрүлөт, тилеги кабыл болот.

Тагдырдын буйругу менен күйөөсүнөн айрылган энелердин балдарын жетилтип, турмушка аттандыруудагы түйшүгүнүн аябагандай оорго тураарын мен жакшы билем. Алардын улуусун бир тууган эжемдей, кичүүсүн карындашымдай көрөм, кудай аларга ден соолук, күч-кубат беришин тилеймин.

Эртең менен биз Нарынга келе жатканыбызда күн бүркөлүп турган. Жолугушуу башталаар алдында асмандан жумшак кар себелеп анан бат эле чайыттай ачылып кетти. Азыр сыртка чыкканда карасаңыздар айлана абдан кооз болуп турат. Бул да жакшылыктын жышааны, ылайым жүрөгүбүз тазарсын, ыйман уяласын.

“Теңир Тоо” гезити мени “Жылдын мыкты боорукер адамы” деп атаганына кубанып турам, бул наам мен үчүн абдан кымбат.Баамымда сиздердин кесип да пайгамбарлык кесипке тете. Жараткан жамаатыңыздарга бардык жакшылыктарын насип этсин.