Акыркы макалалар

Кош, Айзада!..

Кош, Айзада!..

“Пресс.kg» гезитинде иштеп жаткан белгилүү журналист жана жазуучу кызыбыз АЙЗАДА АБАЗОВАнын 2-январь күнү кайгылуу жол кырсыгына кабылып көз жумганы - баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып турат.

Айзада Абазова, 1974-жылы 15-февралда Токтогул районунун Торкен айылында туулган. КМУнун филология факультетин аяктап «Замандаш» журналында, «Асаба», «Учкун»,«Кыргыз руху» жана Пресс.kg» гезиттеринде кабарчы, башкы редактор кызматтарын аркалаган.

Журналистикадан сырткары өзүнүн жазган ырлары, аңгемелери менен адабий чөйрөгө да таанылып чыккан.

Былтыр «Адашкан каркыра» аттуу аңгемелер жыйнагы жарык көрүп, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Айзада эже өз ишине тың, дүйнө таанымы кең, адамдар менен иштешүүдө тил табыша алган кичипейил, чыгармачылык ишине жоопкерчиликтүү мамиле кыла билген инсан катары элеси ар бирибиздин жүрөгүбүздө кала берет.

«Пресс.kg» гезитинин редакция жамааты

----------------

"Адамдык өзгөчө сапатыңыз бар эле, Айзада эже!"

Гезиттин жыл жаңыргандан кийинки адепки эле санын минтип сизди жоктоп-эскерүү менен баштап калабыз деп үч уктасам түшүмө кирбесе керек, Айзада эже. Сизди жоктоп эки ооз сөз жазуу да мен үчүн канчалык оорго туруп жатканын башкасы билбесе да Сиз, сиздин рухуңуз көрүп-билип, түшүнүп турат болуш керек.

Акыркы мезгилдери чыгармачылык жактан да, айрым олуттуу башка маселелер боюнча да негедир Сиздин моралдык жардамдарыңызга ишеничтүү таянып алган элем, муну өзүңүз айтпасаңыз да билчүңүз. Ошон үчүн кайда кетсем да, кайсы жерде иштесем да менден биринчи өзүңүз байланышка чыгып, ал-ахыбалымды сурап тураар элеңиз. Адамгерчилигиңиз менен таң калтыргансыз. Илгери, парламент ичинде капысынан таанышып калып, кайсыдыр бир гезитте эки-үч күн иштешип калган гана жайыбыз бар эле. Ортодон бир нече жылдар өтүп, мен «жиндер» менен достошуп жүрүп акыры бардык жоро-жолдоштон, жумуштардан кол үзүп, мени көрөөргө эч кимдин көзү калбай калган күндөрдө айрым эркек достордон айырмаланып, качанкы чала тааныш мага достон артык мамиле жасап, ыплас жашоодон сууруп чыккан сиздин адамгерчилигиңизге таң калгам. Ошондон тарта жакын адамымым болуп калдыңыз эле, Айзада эже! Сиздин айткан кеп-кеңешиңиздин баарын туура деп кабыл алчумун. Биз өткөндө эле, гезиттин акыркы сандарында ушул редакциядан кезиккенде кайра чогуу иштешет экенбиз деп кубангам. Сиз менен иштешүү кызыктуу, жеңил, жазганыңыз жугумдуу, сүйлөгөнүзүң маанилүү, мамилеңиз иштешкенге ыңгайлуу болчу. Аттиң!.. Тилекке каршы, сиз жөнүндө эскерүү бетин даярдоо мага жүктөлүп калды.

Көп нерсе жазмакмын, Сиз жөнүндө айта турганым көп болчу…азыр чын эле оор болуп турат, Айзада эже…

Жаткан жериңиз жайлуу, жолдошуңузду ыйман, жаныңыз жаннаттан болсун, ылайым!

Бакыт Молдалиев, «Пресс.kg»

-----------------------

Бактыгүл Чотурова, акын, журналист:

“Алдыда көп максаттары бар эле”

Адам алда эмне болорун билбей, жакшы үмүттөргө, кыялдарга жетеленип жашап жүрөт экен да. Ошонусу менен турмуш кызык деп айтышат эмеспи, ал сөз балким чындыр. Эмесе адам алдын ала баарын билип алса жинди болуп кетмек деп коюшат го. Алдыда канча өмүр бар экени да бизге табышмак...

Айзада дагы бөөдө кырсыкты ойлогон эместир, алтыным! Жаңы жылдын алдыңкы күндөрү экөөбүз интернет аркылуу сүйлөштүк эле. Атасы ааламдан өтүп кеткен да. Ошого көңүлүн көтөрүп, жолугушууну айтсам, "майрамдан кийин айылдан келейин эже, кенен олтуруп сүйлөшөбүз" деген. Ошол ошо болду, үйдө бейкапар олтурсам кечте Баян Кулова деген журналист сиңдим телефондон ыйлап жаман кабарды айтты. Мен бир ишенип, бир ишенбей оозумдан сөзүм түштү...

Кечээ эле сүйлөшкөн адам бүгүн жок... Бул эмне деген тагдыр? Айзада али өмүрүнүн көбү алдыда эмес беле... Кырсык деген кандай жаман, оор ойлордон кутула албай, Айзаданын күлүңдөгөн эле элеси өчпөй көпкө кыйналдым. Ойлордон ойлорго баттым... Кайран кыз! Кыргыз журналистикасындагы кыздардын белгилүү ысымдарынын бири эле. "Кыргыз Руху" гезитинде бир нече жыл башкы редактор болуп иштеп турду. Калеми курч, сөз менен тыкыр иштегендиги баарына эле маалым. Анан жеке чыгармачылыгы да эми булактын көзүндөй секин ачылып келе жаткан. Китебин чыгарды. Кара сөздө балким, ал кыйла эле эмгектерди жаратмак.

Ал эми адамгерчилиги да ошончолук адамга жакын, сыйлуу, аялуу бир мамилеси менен эсте калды. Ал экөөбүз Кетмен-Төбөнүн кыздары болуп, эже-сиңди катары каттообуз да жакшы эле. Айылдын салт-санаасын мүнөзүнө сиңирген Айзада мени улуу катары сыйлап сыйлап, өзүн кичүү катары ыйбаалуу кармачу. Канча жолу гезитке алып чыкты. "Эжесин жазып жатат дешпесин" десем, "Коюнузчу, башкалар деле жазып жатпайбы" деп күлүп койчу эле.

Тагдыр адамдын эркинде эмес турбайбы, Аны арабыздан мезгилинен мурда алып кеткени арман болду. Баарынан дагы балдары жаш калды,ушуга кейидим. Алдыда чыгармачылыкта көп максаттары бар эле, жаза турган эмгектери али алдыда эле, ошого жетпей калганына кейидим. Эми эмне дейбиз, эскерүүдөн башка колдон келбейт. Калган өмүрүн балдарына берсин, арты кайырлуу болсун.

Кош, Айзада, жаткан жериң бейиш болсун, сени эч качан унутпайбыз!

--------------------

Венера Бөлөкбаева, акын, журналист:

«Ажайып байчечекей гүлү кыркылып калгандай сезилип жатат»

- Мен Айзадага ар дайым «Мисcис мадам» деп кайрылчу элем...

Өзүн гана аяйм, ал жашаш керек болчу. Мен өзүм кененирээк эскерүүлөрдү жазам... Азырынча ажалды да, эч кимди да күнөөлөй албайм, бирок, жаш кеткени менин зээнимди кейитип жатат. Айзаданын көп максаттары бар болчу. Өтө сезимтал, абдан жука адам болчу. Ажайып бир жакшынакай байчечекей гүлү кыркылып калгандай сезилип жатат. мен уккандан бери ыйлап жатам. Мен Айзаданын чыгармачылыгына жогорку баа бергенге жетиштүү эмесмин, бирок, ал менин чыгармачылыгыма баа берген. Мен жөнүндө эң жакшы макалаларды жазчу. Мен үчүн эң жакшы сөзүн айткан, мен жөнүндө жазган материалдарын сактап жүрөм. Жакында эле Рамис агай экөөбүз жөнүндө да аябай жакшы макала жазыптыр. Анан мен жазбай эле койбойсуңбу десем, мен муну сөзсүз жазышым керек деп жооп бергени эсимде калды.

Азыр менин психологиям бузулуп турат... Мен аны өз атынан айтпай эркелетип айтчумун... Жашоо - эң биринчи өзүнө гана керек болчу...

---------------------

Гүлмайрам Турусбекова, журналист:

«Акыркы убактарда катуу депрессияга түшүп, жаза албай жүргөнүн айтчу»

- Айзада Абазова менен 2005-жылдан бери чогуу иштеп калгам. Айзада эже жазчу, бирок, өзүн-өзү коргой алчу эмес. Эжеге «Кыргыз Руху» гезитинде иштеген ыңгайлуу болчу, себеби аны гезиттин жетекчиси Арстанбек Дүйшенбиев коргоп турчу.

Көпчүлүк гезиттин башкы редакторлору материал жазып, акча жасашчу, ал эми Айзада Абазова акча жасай алчу эмес. Каза болгондон кийин атайын fakt.kg интернет булагын ачып, материалдарын окуп чыктым. Интервьюга бара турган болуп, Айзада эжеден ал адам тууралуу сурап калсаң, эже ал адамдын төрөлгөн күнүнөн баштап айтып берчү. Анын баарын уккандан кийин интервью алганга жеңил болуп калаар эле. Айзада эженин эс-тутуму күчтүү эле, бир сөз айтылса аны сөзсүз эсине сактап калчу. Керектүү адамдардын тарыхын турган жеринен эле айтып берип койгону, анын эс тутумунун күчтүүлүгүнөн болуш керек деп ойлойм.

Акыркы убакта Айзада эже катуу депрессияга түшүп, жакшы жаза албай кыйналып жүргөнүн айткан. Менин оюмча жок дегенде бир адам колдоо көрсөтүп турганда Айзада эже мынчалык чөкпөйт эле. «Кыргыз Рухунан» кеткенден кийин бир гезитке барып иштеп калды. Чыгармачыл адам жаза албай калса бул кичинекей өлүм деп коет го, анын сыңарындай эле ошол жакта эч жаза албай койду. Айтымында ал жакта жаш эле кыздар иштечү экен. Алардан сындарды, оңдоолорду, ал түгүл «жакшы жаза албайт экенсиз» деген сөздөрдү угуп, катуу ыйладым деп айткан эле, бир ирет Айзада эже. Мен эжени биринчи көргөн кезде ал абдан тың журналист болчу. Ал эми акыркы мезгилдерде мурунку Айзада менен кийинки Айзада экөө эки башка адам болуп каалгандай сезилчү.

Акыркы жолу жолукканымда Айзада эже өлүм жөнүндө көп сүйлөп калганын байкадым эле.

Жоош болчу, эч кимге катуу сүйлөчү эмес. Бирок, акырын тымызын жайлап коюп, билмексен болуп, күлүп отура бермейи бар эле.

17-январь,2013 - жыл