Акыркы макалалар

Республиканы багындырган «озгочо» мода

Республиканы багындырган «озгочо» мода

Жыл жыйынтыгында «Озгочолонгон жаны жыл-2013» аттуу жаш дизайнерлердин сынагы болуп отту. Аты айтып тургандай эле сынак материал колдонулбай тигилген кийимдер арасында откорулду. Иш-чара КГУСТА тарабынан уюштурулуп, ага республикабыздын жалпы аймактарынан келген жаш дизайнерлердин эмгегинен жаралган «озгочо» модалар корсотулду. Алгач жарым финалда (18-19- декабрда) жалпы 110 коллекция ат салышып, жыйынтыгында эн мыкты делген 20 коллекция финалдык турга жолдомо алды. Ал эми чечуучу мезгил 21-декабрь куну КТРКнын концерттик залында болуп, ОшМУнун «Искусство» факультетинин жаш дизайнерлери Женишбек кызы Нурайым менен Уруксатбек кызы Жанылайдын колунан чыккан «Чудо эльфы» аттуу «озгочо» корком коллекциясы журийлерди тан калтырып, гран-при сыйлыгына татыды. Аталган факультеттен барган Сатаров Уландын «Фантазия» аттуу коллекциясы 1-орунду, Алайбек кызы Нурзаттын «Моя фантазия» деген коллекциясы 3-орунду алып, дээрлик республиканы дунгуротуп, тан калтырып келишти. Айта кетуучу жагдай аталган жаш дизайнерлерди тарбиялап, остуруудо Турдубаева Зуура эженин эмгеги зор.

Бекмурат КЕЛДИБАВ.