Акыркы макалалар

УКТООЧУ КЕРЕБЕТТЕР ЖЕТИШСИЗ

УКТООЧУ КЕРЕБЕТТЕР ЖЕТИШСИЗ

Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы жүз орундук “Сезимтал” балдар бакчасында учурда алтымышка чамалуу балдар тарбияланып жатышат. Ошентсе да, бөбөктөр үчүн тиешелүү шарттар жокко эсе. Балдар уктоочу керебеттер жетишпегендиктен, аларга тарбиячылар жерге төшөк салып беришет. Эмчи айым Д.Үсөналиеванын айтымында, балдардын үстөлдөрү талаптарга жооп бербейт. Алардын акыбалы менен таанышкан облус жетекчиси А.Кайыпов ушул жылдын март айында уктоочу керебеттерди сатып алууга каржы маселесин чечип берүүнү убада кылган.