Акыркы макалалар

Сүрөт айыптайт

Сүрөт айыптайт

Асманга салафандар сапырылып,

Айнектери быркырап шишелердин,

Эгин өсчү талааны басып такыр,

Жүрөгү сыздап турат Жер Эненин.

Акыр-чикир... Зуулдашат машинелер,

Таштандыга басылган, төккөн кимдер?

Кор болгон тазаланбай, кайран жерлер,

Көрмөксөн айыл башчы, район жетекчилер.

Сүрөттө: Кочкор районундагы таштандыга айланган талаалар.

Б.Исакеев жана Ормонхан айылдарына бараткан жолдордо.