Акыркы макалалар

Гүлнара Хасанова: “Рыспайдын ырлары ырдалат”

Гүлнара Хасанова: “Рыспайдын ырлары ырдалат”

11.01.2013 Исабек Максутов

Бүгүн жана эртең «Ырдын пири Рыспайга таазим» деген аталышта Р.Абдыкадыровдун туулган күнүнө арналган концерт өтөт. Бул тууралуу Ош областтык Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын көркөм жетекчиси Гүлнара Хасанова “Ынтымакка” кабарлады.

“Концертте Апаз Жайнаков, Абидин Темиров, Алтынай Нарбаева, Жолболду Алыбаев, Токон Эшбаев, Арзыбек Бедияров ж.б. ырчылар Рыспайдын ырларын аткарышат”,- деди Г.Хасанова.

Концерт Ош областтык Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониясында өтөт.

Көзү тирүү болгондо Рыспай быйыл 72 жашка чыкмак.

Фото: Исабек Максутов

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg