Акыркы макалалар

Нарында журналисттер атка минерлердин сапаттарын аныкташат

Мындай иш чара “naryn.kg” медиа борбору түзүлгөн жылдан баштап уюштурулуп келе жатат Төрт жыл аралыгында облустагы ар кайсы деңгээлдеги атка минерлерге маалымат берүүдөгү “ кол жеткис”, “орой” “жумшак” ж.б. сыяктуу номинациялар жергиликтүү журналисттер тарабынан жашыруун сурамжылоонун аркасында берилип келүүдө. Быйыл да бул көрүнүш уланып, ушул жумадан баштап, сурамжылоолор жүргүзүлө баштайт да 7-ноябрь Кыргызстандагы журналисттердин кесиптик майрамында белгилүү болот. Мындай жакшы, начар сындарга мурунку губернатор Ө. Суваналиев, мэрия жетекчилиги, башка облуста иштеген жетекчилер татыктуу болуп атайын диплом жана тамашалуу оюнчуктарга ээ болуп келишкен. Өткөн жылдын “мыкты атка минер” наамына облус жетекчиси Канатбек Муратбеков ээ болсо, “орой чиновнигине” Нарын районунун экс акими Т. Мамыров татыктуу болгон.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg