Акыркы макалалар

Нуржигит Кадырбеков: "Адамда жупунулук өтө улуу сапат..."

Нуржигит Кадырбеков: "Адамда жупунулук өтө улуу сапат..."

Биз бул жолку “Анан... Дагы...” программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, жазуучу, журналист Нуржигит Кадырбеков менен маектештик.

Дүйнөгө максатым жок келбеген соң,

“Кудайга жакчу иштерде үлүшүм чоң

болсо”, - деп, жол башында кыйналсам да,

баратам келечекке. Үмүтүм чоң. Деп бүгүнкү каарманым 12 жыл мурун бул ыр саптарын жазган болсо, учурда калк арасында ийгиликтүү адам деген атка конуп отурган кези. Ал ушул кезге чейин көргөн, билгенине шүгүр кылат. Бирок, алдыга койгон пландары алда канча көп....

«Бир күнү даам таткан жериңе, миң күн салам айт...»

Диналиана: Нуржигит мырза, эмнегедир сиздин атыңызды укканда дароо Жапония эске түшөт. Маегибиздин алкагында ушуга жооп издеп көрүүнү чечтик...

Нуржигит мырза: Чындыгында мындай суроону буга чейин эч ким берген эмес. Абдан кызыктуу суроо болду. Нуржигит дегенде Жапония эске түшкөнүн өзүм деле билбейт экенмин. Эгерде ушундай пикир калыптанып калса, анда бул биринчи кезекте сизге окшогон журналисттердин эмгеги. Ошолордун кылган иш-аракетинин акыбетинен ушундай пикир калыптанып калса керек. Жапонияда жүргөндө Кыргыз Туусу гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болгом. Кыргызстанда Жапония тууралуу макалаларым чыгып турган, интернетке да жарыяланчу. Анча-мынча Азаттык радиосуна сукбат берген күндөрүм болгон. Бул жактан телевидениеден барып калганда, аларга да интервью берчүмүн. Анан ал жактан келгенден кийин Жапония тууралуу көп эле суроолорду беришти. Билгенимди айтып бердим. Бул бир жагы кубанычтуу, бир жагы өкүнүчтүү. Кубанган жагым, кыргызда бир сөз бар “Бир күнү даам таткан жериңе, миң күн салам айт” деген. Ошол эки жыл Жапон өкмөтүнүн бөлгөн каржысы менен илим, билим алып келдик, Жапон маданиятын үйрөндүк. Өсүп-өнүгүү жаатында, мамлекетти башкаруу жаатында бир топ идеяларды алып келдик. Анан ошончо жакшы нерселерди берген өлкөнүн жакшы жактарын айтып, даңазалаган менимче жаман нерсе эмес. Экинчиден, бир чет өлкөгө чыкканда дене эле барып келген жакшы нерсе эмес. Ошондой мүмкүнчүлүк ошончодон мага туш болгондон кийин, өлкөмө бир пайдалуу ойлорду, идеяларды алганча келейин деп, ушул жапон коомунун ичинде жүрүп, маданиятын, кулк-мүнөзүн, жүргөн-тургандарын абдан иликтедим. Ошолордун баардыгын элиме алып келсем деген ниет менен интервьюларды бердим. “Япон кереметинин сыры” деген китеп кылып да жазып чыктым. Анан өкүнүчтүү жагы, бир эле нерсе менен адамды ассоциация кылып элестетип калгандык. Анткени кээ бир адамдарды көргөндө, мисалы такыба, ыймандуу кишилерди көргөндө Кудай Тааланы, адамдардын ортосундагы жакшы мамилени, жылуулукту элестетесиң. Мен көбүрөөк ушундай жагынан адамдардын эсинде калсам деп тилек кылам. Ал үчүн адам руханий, интеллектуалдык жактан өнүгүш керек экен. Анан бирөөгө ак-ниети, чын ыкласы менен мамиле кылышы керек экен. Бул өтө оор, башы бар, аягы жок жараян. Айтматовдун сөзү бар эмеспи, "Адамга эң кыйын күн сайын адам болуу" деген. Ушул принцип менен жашасаң, балким адамдардын пикири ар кимге ар башка. Бул эми сиздеги пикир, балким башка адамдарда башкача пикир пайда болоор. Бирок кандай болгондо да ошол пикирлер жылуу, оң болсо деген ниет.

Уландысын сайттан окууга мүмкүн.... Сүрөттөр да тиркелген.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg