Акыркы макалалар

Талант Анарбаевден «Gangnam style» ырына жаңы пародия - «Оттой жанган сайын»

Талант Анарбаевден «Gangnam style» ырына жаңы пародия - «Оттой жанган сайын»

09.01.2013 Исабек Максутов

Бүгүн «Ынтымак» радиосунда кудул-пародист Талант Анарбаевдин «Оттой жанган сайын» пародия-ырынын бет ачары болду. Ырдын түп нускасы дүйнөгө белгилүү Түштүк Корей ырчысы Пак Чэ Сандын (PSY) «Gangnam style» ыры.

«Бул ырга пародия жазуумун себеби- кыргызстандыктарды кыргызча бийлетейин деген эле ой»,- деди Талант Анарбаев.

Азыркы күндө пародия-ырга клип тартып жаткандыгын кошумчалады ал. Бет ачары «Ынтымакта» болот.

Учурда февралда өтө турган жеке концертине даярданып жүрөт.

Фото: Исабек Максутов

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg