Акыркы макалалар

Нарын.Сарык оорусун алдын алуу багытында иштер жүрүүдө

Нарын райондук мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунун дарыгерлери учурда сарык оорусун алдын алуу багытында дубандын баардык райондорун кыдырып жүрүшөт. Бул тууралуу маалыматты аталган борбордун башкы дарыгери Туратбек Мурадилов билдирди. Маалыматка ылайык сарык оорусу өткөн жылга салыштырмалуу жети учурга көп катталган. Алсак 2011-жылы 330 учур катталса, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына 337 учурга өскөн. Райондор боюнча караганда Ак-Талаада өткөн жылы 47 учур болсо ал учурда 92 ге, Кочкор районунда 35 учурдан 53 учурга көбөйгөн. Ал эми Жумгал району менен Нарын шаарында оору өткөн жылдын эле денгээлинде болсо, Ат-Башы районунда аз 17 адам катталган. Учурда Нарын облустук медицина борборунун дарыгерлери да ооруну алдын алуу, оору табылган үйлөргө дезинфекция жазоонун ыкмалары боюнча үйлөрдү, бала бакчаларды жана мектептерди кыдырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүрүшөт,-дейт башкы дарыгер. Ал эми Нарын облустук медицина борбору тарабынан шаар боюнча 756 үй кыдырылып 2 миң 266 адам кароодон өткөн.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg