Public Articles

Нооруз-2016 №10 Кесиптик лицейде

  • Author: Перизат Замирбекова
  • Region: Bishkek
  • Published at: 22.03.2016 @ 03:15
Нооруз-2016 №10 Кесиптик лицейде

18-март күнү Бишкек шаарындагы №10 Кесиптик Лицейде көктөм майрамы болгон Нооруз майрамы белгиленди. Иш-чарага лицейдин эмгек жамааты, окуучулар жана коноктор болуп жалпысынан 600дөй киши катышты.

Нооруз майрамы биздин заманга чейинки 6-7- кылымдардан бери майрамдалып келет. Миңдеген жылдар өтсө да Нооруздун маңызы ушул күнгө чейин сакталып, ар кандай жөрөлгөлөр менен коштолот. Мына ушул жөрөлгөлөрдү утурлай аталган лицейде нооруз майрамына карата окуучулар арасында “Нукура кыргыз тамак-ашы” аттуу сынак өткөрүлүп, иш-чара майрамдык концерт менен коштолду.

Ноорузда арча түтөтүп, айлана-тегеректи жамандыктан тазалоо ырымын Умай Эне аластоо менен баштап, Тенир Ата батасын берди. Лицейдин таланттуу кыздар-балдары ыр-бийлердин коштоосунда майрамдык маанай тартуулашып, чач тарачтар тайпасынын тал чыбыктай ийилген кыздары өздөрүнүн өнөрлөрүн сунушту.

Сынакка өздөрүнүн нукура кыргыз даамдарын даярдап 13 окуучу катышты. Ар бир сынактын катышуучусун калыс баалоо максатында өлкөбүздөгү аттуу-баштуу мыкты ашпозчулар, социалдык өнөктөштөр иш-чарага чакырылды. Ал эми Нооруз майрамын куттуктап келген Эмгектин баатыры аталган Турдукожоева К.Т., Бишкек шаардык Кесиптик-техникалык окуу жайларын башкаруу боюнча координатору Аширова Д.Ж., Социалдык өнөктөштөр болгон: Кыргызстан Ашпозчулар Ассоциациясынын президенти Шарипов Ш.И., Эл аралык Немец Кулинариялык мектебин жетектеп келген – “Я, повар” китебинин автору Деркембаев Данияр, 12 каминов ресторанынын шеф повары Берик Эгинбаев, Живи Вкусно кулинариялык студиясынын директору Бектемиров Тариэль, Ысык – Көлдөгү Ак Жол, Алтын-Көл, Университет, Алмазный Берег пансионаттарынын директорлору жюринин составын түзүшүп женүүчүлөрдү диплом жана акчалай сыйлыктар менен кубандырышты. Сынактын катышуучуларына Бишкектеги КЛЕН компаниясынан да спонсордук белектер ыйгарылды.

Кыргызстаныбызда бейпилдик, тынчтык нурун чачып, элибиз токчулук, молчулукта бакубат жашоо кечирсин! Жалпы кыргыз элин кут уялап, Мекенибиздин келечеги кең болуп, №10 Кесиптик лицейи өнүгүп-өссүн!”-деди өз куттуктоо сөзүндө эмгектин баатыры Турдукожоева К.Т.

You can publish your own article here.