Latest articles

Америка циркиндеги кыргыз жигити

Америка циркиндеги кыргыз жигити

Кыргыз эли эзелтен атка жакын жан келет. Элибизде «ат адамдын канаты» деген нускалуу кеп бар эмеспи. Аттын сырын жаштайынан билип, учурда Америка элин ат үстүндө ойноо менен таң калтырып келе жаткан жердешибиз Назарбек Момунов.

Назарбек 2011-жылдан бери Америка Кошмо Штаттарында «Ringling bros barnum s bailey» тобунда циркте ойноп келет. Назарбек алгач Бишкекте циркте ойноп жүргөн. Америкадан келген циркчилердин назарына илинген Назарбек тандоодон өтүп, Америкага 2 жылга контрактык негизде кеткен.

«Менин ата-тегим атка аябай жакын болушкан. Менда жаштыгымдан ат оюндарына аябай кызыкчумун. Ошондуктан айылда өткөн тойлордо улак тартыш, күрөш оюндарына кызыгып, бир топ сыйлыктарды алчумун. Мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги циркте жөнөкөй жумушчу болуп орношконмун. Мен мурда цирк жөнүндө эч кандай түшүнүгүм жок эле. Менда артистерге аралашып, аренага чыгып жүрдүм. Цирк менин жашоомо чоң бир өзгөртүү жасады. Насип кылып, Американын бардык штаттарында циркте оюн көргөздүм. Америка мага дүйнөлүк Англис тилин үйрөнүүгөда түрткү болду. Кайсыл жерде жүрбөйүн, Ала-тоону алыска таанытып, келечекте кыргыз циркин дүйнөлүк аренага алып чыгуу»-дейт Назарбек.

Назарбек Момунов 1992-жылдын 20-январында Кадамжай районунун Марказ айылында туулган. Өзүнүн тырышчаактыгы, аракетчендиги менен учурда дүйнөгө талантын тартуулап келет. Кыргыздын сыймыгы, кыргыз уулу Назарбек дүйнө назарын өзүнө бурууда.