Latest articles

Таласта төкмө акын, манасчы жана дастанчы Эсенаман Жалгаш уулунун 180 жылдыгы белгиленди

Өткөн ишемби күнү Талас районунун Көпүрө Базар айылында төкмө акын, манасчы жана дастанчы Эсенаман Жалгаш уулунун 180 жылдык мааракеси белгиленди. Республикадан келген меймандардын жана Талас облусунун жалпы коомчулугу катышкан бул чоң салтанатта Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов улуу акындын мааракелүү тою менен куттуктап сөз сүйлөштү. Койсун Курманалиеванын айтуусунда кезинде Эсенаман Жалгаш уулу көмөкөйүнөн ыр төгүлгөн акын гана эмес, кара күүлөрдү катыра черткен чоң комузчу, сайрап жаткан торгойду тилинен жаңылткан ырчы, залкарлардын жолун улаган манасчы, “Кожожаш”, “Эр Төштүк”, “Кедейкан”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Саринжи Бөкөй” баштаган элдик эпосторду жана уламыштарды ийине жеткире аткарган дастанчы, эчен айтыштарда алдына адам салдырбаган төкмө катары да жалпы журтка белгилүү адам болгон.

Адамгерчилиги бийик акын өз ырларында улуттук дүйнө таанымды, нарк насилди, каада-салтты даңазалап, ар намысты, ыйман, абийирди бийик туткан. Мына ушундай улуу акындын урматына анын насаат ырлары, айтыштары, дастандары кирген атайын “Эсенаман” аттуу китеби жарык көрүп, атайын чыгарылыштагы “Улутман” гезити элге таратылып, айтыш өнөрү боюнча конкурс өткөрүлдү.

Original url : kyrgyzkabar.kg