Latest articles

Түлеев: Шаарга фонтан алууга жардам берүүгө даярмын

Түлеев: Шаарга фонтан алууга жардам берүүгө даярмын

Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеев өзүнүн фейсбук баракчасына калаадагы 6-кичи райондо эс алуу аймагын куруу тууралуу пикирин жазды.

Ал мэр болуп турганда 6-кичи райондогу Түштүк Чоң Чүй каналында аллеяны жарып, фонтан чыгаруу боюнча пландар болгон. Фонтан комплекси Кытайдан 560 миң долларга сатып алынмак. Ал акчанын жарымын Түлеев өз чөнтөгүнөн төлөмөк. Бирок ал кызматтан кеткенден кийин долбоор унутта калган.

Экс-мэр азыр дагы бул долбоорду ишке ашырууда каражаттын жарымын төлөп, шаар бийлигине жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

https://www.facebook.com/nariman.tuleev/

Original url : maralfm.kg