Latest articles

Салык чогултууда планды аткарбаган жетекчилер кызматтан алынат

Салык чогултууда планды аткарбаган жетекчилер кызматтан алынат

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров чогулуш өткөрүп, кызматтын негизги багыттарын аныктады.

Ал салык органдары тарабынан май айынын жана жалпы жылдын жыйынтыгы боюнча салыктарды чогултуу планын 100 пайыз аткарылышын камсыз кылууну милдеттендирди.

Салыктарды жыйноодо пландын аткарылышын толук аткарбаган райондук салык органдарынын жетекчилерине ээлеген кызматынан бошотууга чейинки катуу жаза колдонулаарын эскертти.

Абжапаров ошондой эле, аймактык салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн салык карызын өндүрүү боюнча чаралардын жетишсиздигин белгилеп, салык төлөөчүлөрдөн карыздарды өндүрүү боюнча – кабарлама тапшыруудан тартып эсебин жабуу, сотко жана башка органдарга кайрылууга чейинки бардык мыйзамдуу методдорду колдонууну талап кылды.

Original url : maralfm.kg