Latest articles

Окуучулардын билим албай калганына ким күнөөлүү?

Окуучулардын билим албай калганына ким күнөөлүү?

Ысык-Кѳл районунун Бактуу- Долоноту айылындагы Токтосун Апаев атындагы орто мектепте 480 окуучу орусча, кыргызча билим алат. Ѳткѳн жылы 10-класстын кыргыз тайпасы жабылып, онго жакын окуучу мектепке барбай калышты.

Алардын бири 17 жаштагы Кудайберген Жеӊишбеков учурда таптакыр окубайт. Анткени, ал ден соолугуна байланыштуу 2017-жылдын сентябрь айында мектепке бара албай, кѳп сабакты калтырган. Мындан улам окуучунун саны толбой, кыргыз класс жоюлуп, орус класстан билим алуу демилгеси кѳтѳрүлгѳн. Бирок, бул сунушту Кадайберген кабыл алган эмес, эми башка окуу жайдан билим алууга да чамасы жок:

—Мектепте эмне болгонун башында ѳзүм деле түшүнгѳн эмесмин. Анткени сентябрда окууга келгенде бутум сынып, 2-3 ай убакыт баралбай калгам. Андан кийин кѳзүмдү операция кылдырдым. Эми азыр дагы бир кѳзүмдү операция жолу менен айыктыруу алдында турам. Негизи ѳзүм келечекте архитектура кесиби боюнча билим алайын деген оюм бар эле. Эми келечегим кандай болот аны деле ойлоно элекмин. Жайкысын кѳл жээгинде куткаруучу болуп иштейм. Бул жумуш болгону жай мезгилинде эле болот.

Кудайберген сыяктуу Токтосун Апаев атындагы орто мектептен билим алган 10дон ашуун окуучу да, мурдагы мектеп директру орус класстан окуйсуӊар деген буйругуна макул болгон эмес. Анткени 9 жыл бою чогуу окуган классташтарга орус класста кантип окуп, Жалпы Республикалык тестти кандай тапшырабыз деген ой келген. Ошол эле учурда орус классты жоюп, кыргыз классты түзѳлү деген сунуш киргизилген. Бирок, окуучулардын мындай сунушуна мугалимдер макул болбой, окууга болгон шыктанууну биротоло токтотуп салгандыгын 17 жаштагы Сыймык Анарбек уулу белгиледи:

-Мен сыяктуу эле бардык окуучулар орус класска окубайбыз деп чыгышкан. Анткени биз кыргыз класста 9 жыл бирге окусак, эки жыл кантип орусча билим алат элек!? Ошондо класс жетекчибиздин жардамы менен кайрадан биригип, баарыбыз 11-класска чейин чогуу окуйлу деген ниетибиз бар балчу. Анан кээ бир окуучулар сабактан калган күндѳрү мурдагы директор жана башка мугалимдер келип, сабак ѳтпѳйбүз деген сыяктуу сѳздѳрдү айтышкан. Ошол эле учурда айрым эжейлер сабакка кирбей коюшту. Балдарыбыз ушинтип жатса биз кантип окуйбуз дешти, анан классыбыз жабылып калды.

Натыйжада онго жакын окуучунун ата-энеси балдары кайда барып, эмне кыларына кабатыр болушууда. Ал арада Чүй облусундагы Беш Күнгѳй орто мектебинин сырттан окуу бѳлүмүнѳ тапшыруу жагы каралып, 4 окуучу ошол жерге тапшырган. Бирок, ал да акча каражатты талап кылгадыктан, социалдык жактан аз камсыз болгон үй бүлѳлѳр балдарын аягына чейин окутуп аларына кѳзү жетпейт:

«Мен Адил Карыпбек уулунун апасымын. Учурда уулум сырттан окуу бѳлүмүндѳ билим алып жатат. Бул жыл бүткѳнү менен кийинки жылы 11-классты да аякташ керек эле. Аталган окуу жай 10 миӊ сом талап кылууда. Айланып келип эле каражатка такалып жатпайбы!? Биз ѳзүбүз аз камсыз болгон үй бүлѳнүн катарындабыз. Жолдошум жакында эле каза болгон, мен 5 балам менен батирде калдым. Азыркы тапта балам үй тиричилиги менен эле алек, эми келечеги кандай болот билбейм»,- дейт, Бактуу-Долоноту айылынын тургуну 42 жаштагы Гүлмира Мамбетова.

Тилекке каршы 30-апрелде мушташтан улам, каза болгон Аман Бакачиев да ушул окуу жайда билим алган болчу. Уулун жоготкон ата-эне маркумдун ѳлүмүнүн бир себеби кыргыз класстын жоюлуусунда экенин айтышат. Анткени бул чечим 2017-жылдын сентябрында кабыл алынып, Аман башка окуу жайларга тапшыруудан кечигип калган. Кийин классташтар баш аламандыкка дуушар болушкан.

—Каза болуп калган менин жалгыз уулум эле. Балким, кыргыз классты жойбой окута берсе, мындай окуя катталмак эмес. Себеби, ошол каргашалуу күнгѳ чейин уулум да сырттан окуу мектебине тапшырып коюп, Чолпон-Атада «Барашек» кафесинде иштеп жаткан. Ал жактан чоочун балдар менен мушташып, уулум жалгыз болуп, шектүүлѳрдүн колунан кѳз жумду. Эгер мектепте окуса тынч эле классташтары менен чогуу жүрмѳк.

Мынтип окуучулардын туш тарапка чачыранды болуусу ата-энелерди да кейитүүдѳ. Андан улам, эмне себептен кыргыз классты жоюп, орус класска кошуп салуу керек деген суроо туулат. Бул боюнча аталган окуу жайдын мурдагы директору Майрамкүл Атаевага кайрылганыбызда, ал райондук билим берүү бѳлүмү уруксат бербей койгондугун билдирди:

-2017-окуу жылынын башында бул класска болгону 4 окуучу келди. Жалпы билим берүү мектебинде 15 окуучу болмоюнча класс ачылбайт. Бул тараптын ою менен окуучуларды 5-сентябрга чейин күттүк. Бирок, тилекке каршы 4 гана окуучу келип атты. Бул боюнча райондук билим берүү бѳлүмүнѳ да кыргыз классты ачалы деген ниетте кайрылдык. Бирок, билим берүү бѳлүмүнүн эсеп кысапчысы, бѳлүм башчы Абирова бизге эч кандай уруксат берген жок. Себеби балдар жетишсиз болду. Ошондуктан биздин окуучуларды эки жакка жибергим келбей, орус класска эле отургула деген сунушту киргизгем.

Айта кетсек, азыркы чачыранды болгон жалпы 22 окуучу ѳткѳн 2016-2017-окуу жылында 9-классты аяктап, орто билимдүү күбѳлүккѳ ээ болушкан. Андан соӊ, ондон ашыгы орто кесиптик окуу жайларга тапшырып, онго чукул окуучу калган. Бүгүнкү күндѳ анын төртөө Чүй облусундагы Беш Күнгѳй орто мектебинен сырттан окуу бѳлүмүнѳн билим алса, бирөө башка мектепке, бирөө кесиптик лицейде билим алууда. Ал эми калган жаш уландар эч жерден билим албайт.

Original url : maralfm.kg