Latest articles

Эр эңиш: Нарын биринчи орунду алды

Эр эңиш: Нарын биринчи орунду алды

Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Атада өтүп жаткан улуттук ат оюндарынын жүрүшүндө эр эңиш боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Жалпы командалык эсепте Нарын облусунун балбандары үч алтын медаль менен биринчи орунду алды.

Чүй менен Талас облусунун балбандары бирден алтынга ээ болушту. Күмүш менен коло медалды кошкондо Нарын балбандарында сегиз медаль бар.

Бул турнир сентябрь айына белгиленген Көчмөндөр оюндарына даярдык катары өтүп, Кыргызстандын курама командасы түптөлөт. Алдыда ат чабыш, салбуурун жана көк бөрү оюндарынын финалдык беттештери өтөт.

Original url : www.azattyk.org