Latest articles

Салык кызматы: салык төлөмдөрү көбөйдү

Салык кызматы: салык төлөмдөрү көбөйдү

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын биринчи үч айлыгында салыктардан жана төлөмдөрдөн 18 млрд. 309,8 млн. сом чогулганын кабарларды. Бул пландалган өлчөмдөн 215,9 млн. сомго көп дегенди билдирет.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын көлөмү 1 млрд. 742,6 млн. сомго же 10,5 пайызга жогорулаган.

Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков муну көмүскөдө иштеп жаткан салык төлөөчүлөрдү ачыкка чыгаруу менен байланыштырды.

- Бул салык салууну жөнгө салуунун жакшырышы, салык кызматынын жигердүү иш алып барышы, салык карыздарын жоюу жана көмүскөдө иштеп жаткан салык төлөөчүлөрдү ачыкка чыгаруу менен байланыштуу болду.

Original url : www.azattyk.org