Latest articles

Гемодиализге 90 киши кезек күтүүдө

Гемодиализге 90 киши кезек күтүүдө

Ушул күндөрдө мамлекеттик гемодиализ менен акысыз камсыз болуу программасына 90 бейтап кезек күтүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министргили кабарлады.

11-апрелде гемодиализ маселесин тез арада чечүү боюнча Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев менен Гемодиализдеги бейтаптар биримдигинин жетекчиси Венера Ташманбетова жолугушту.

Анда айтылгандай, өлкөдө жасалма бөйрөк жабдуусуна түшкөн кишилердин саны күн сайын 4-5 кишиге көбөйүүдө.

Original url : maralfm.kg