Latest articles

Тогуз-Тородогу окуя боюнча кылмыш иши козголду

Тогуз-Тородогу окуя боюнча кылмыш иши козголду

Фото: Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда тургундар "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын имаратын өрттөп салышты.

Тогуз-Тородогу башаламандык боюнча Кылмыш кодексинин 234-беренеси ("ээнбаштык"), 174-беренеси ("бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") 233-беренеси ("массалык башаламандык") боюнча кылмыш иши козголгонун Ички иштер министрлигинен маалымдашты. Ага ылайык, козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Учурда Тогуз-Тородо кырдаал толугу менен милициянын көзөмөлүндө. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чогуу элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Аймакта кырдаал тынч экенин тогузторолуктар өздөрү да билдиришүүдө.

1-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылыкка чыгышкан. Ички иштер министрлиги акция учурунда аталган ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлгөнүн кабарлаган. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиционер жабыркаганын маалымдалган. Ал күнү тартипти сактоого 80 милиция тартылган.

Бул жагдайга байланыштуу райондун акими Тилек Идирисов өкмөт башчы кызматтан бошотту. Жогорку Кеңештин депутаттары да тынчыздануусун билдирип, кырдаалды жайгаруу зарылдыгын айтып чыгышкан. Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина бул окуя боюнча Жалал-Абад облустук ИИБнын жетекчисинин жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Original url : www.azattyk.org