Latest articles

Адис: Окуучулар 9-классты аяктабай жатканда 12 жылдык окуу керекпи?

Адис: Окуучулар 9-классты аяктабай жатканда 12 жылдык окуу керекпи?

Коомчулукта мектептеги окуу жылын 12 жылга өткөрүү демилгеси талкууланып жатат. Адистер мындай ыкма билим берүү тармагын реформалоого жакшы жол дешет. Анткени дүйнөлүк тажрыйбада колдонулуп келгендей 12 жылдыкты бүткөн бала бир тармакты тандап окууга мүмкүнчүлүк алат. Ошондо 11 жылга жетпей окуусун таштаган балдар өзү кызыккан тармак менен кетүүгө мүмкүнчүлүк алып, кызыгуусу артат дешет. Бирок алардын арасында бул системага толук өтүүгө эрте дегендер да бар.

Кыргызстанда мектептердеги окуу жылы 11 жылдан 12 жылга өтүшү мүмкүн. Адистер бул системага өтүү үчүн кеминде 5 жыл керек дешет. Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомаметов 12 жылдык билим берүү өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгүндө колдонулгандыгын айтат. Анткени 11 жылдык билим берүүдөн кийин бала 1 жыл бою кайсы бир адистикке ыктап үйрөнүп, мектепти бүткөндөн кийин бир кесиптин ээси боло алат. Бул өз кезегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына салым кошорун белгилейт.

-12 жылдыктын артыкчылыктары эмне? Бул системанын артыкчылыгы 11-класстан кийин бала өз каалоосу менен адистигин тандап, мектепти аяктаганда бир кесип жөнүндө базасы болгондугунда. Ошондо мектепте окууга кызыкпай калган бала да өзүнүн кызыккан тармагын тандап, кайрадан кызыгуусу артат. Мектепти бүтүргөндө бир кесиптин ээси боло алат. Бул социалдык-экономикалык абалга жакшыртууга салым кошот.

Бирок билим берүү тармагындагы адистер бул системага өтүүгө азырынча эрте дешет. Айрыкча аймактарда балдардын көпчүлүгү 11-жылды толук аяктабай туруп, 9-жылдык деген шылтоо менен кайда кеткени да белгисиз, дейт педагогика илимдеринин кандидаты Куштарбек Кимсанов. Бүгүнкү экономикалык абалда ата-энелер үчүн 11 жыл баласын окутуу да оор болуп жатканын айтат. Ошондуктан 12 жылга өткөндөн көрө балдар эмне үчүн 9-классты аяктабай туруп окууну таштап жатканын такташ керек дейт.

—11-жылдык билим берүү айрым ата-энелер үчүн узак сезилип жатат. Анткени эч кимге жашыруун эмес 9-класстан колледжге кетти деген шылтоо менен балдар кетип калып жатышат. Бирок алардын канчасы кесиптик окуу жайларда окуп жатат деген суроо туулат. Себеби кесиптик лицейлер да толбой жатат. 12 жылдык окуу системасын баштагандан көрө канча бала мектепти толук бүтүрбөй жатат деген суроого жооп табыш керек. Айрыкча азыр орточо өмүрдүн узактыгы кыскарды. Эмнеге балдар орто билим берүүгө көп убакыт коротуш керек.

Мындан улам коомчулуктан бул демилгенин канчалык колдоо таба тургандыгына кызыгып көрдүк. Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү 12 жылдык билим берүүгө каршы.

СУРАМЖЫЛОО:

—11-классты араң бүтүргөм. 12 жыл ашыкча го деп ойлойм.

-Бул туура эмес реформа. 3 жыл мурда мектепти аяктаган балдан сабактарды сурасаң билбейт, ал эми мен 68ге жакындап калдым, бирок менин эсимде. Андан көрө сапатка көңүл бурулуш керек.

-Жөн эле балдардын убактысы кетет. Мен каршымын.

-Жакшы болот. Билим деңгээлин көтөрүүгө жардам берет деп ойлойм.

Маалыматка ылайык, мектептерде 12 жылдык билим берүү өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө колдонулуп келет. Айрыкча дүйнөлүк олимпиадага жолдомо алган 11-класстын окуучулары 12-класстын окуучулары менен күч сынашкан учурлар көп кездешет дейт “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев. Бирок Кыргызстандын бүгүнкү абалында жалпы билим берүүгө эрте дейт.

—Себеби ал системаны ишке ашыруу үчүн каражат, адис, окуу-курал жагдайлары туулат. Ошондуктан, менин оюмча азырынча пилоттук негизде ишке ашырса, эл аралык деңгээлдеги мектептерге киргизип көрсө жакшы болот. Аз-аздан өтпөсө азыркы абал, бюджет муну көтөрө албайт. Бирок бул система өнүккөн өлкөлөрдө жакшы жыйынтык көрсөтүп келет.

Дүйнөдө 12 жылдык билим берүү системасына өткөн өлкөлөрдүн тизмеси жылдан-жылга көбөйүүдө. Маселен, Улуу Британия, Франция, Испания, Япония, жана Польшада кирген. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, 150дөн ашык өлкө бул системага иштеп жатат, анын ичинде КМШ өлкөлөрү да бар.

Original url : maralfm.kg