Latest articles

Азия Mix Ташкентте достук Кубогунда катышат

Азия Mix Ташкентте достук Кубогунда катышат

Бишкектен “Азия Mix” командасы Ташкентте өтө турган КВНдин достук Кубогуна катышат.

10 жана 11-февралда Алишер Навои атындагы кино сарайында Өзбекстандын 2016 жана 2017-жылдары чемпион болгон “Лайк” жана “ИнтерДжин” жана КВНдин эл аралык кеңешинин чемпиону “Азия Mix” катышуусунда “Достук кубогу” болот.

"Достук кубогу” – сезондон тышкы сынактык оюн. Бул Өзбекстандагы КВН сүйүүчүлөрү үчүн жагымдуу жаңылык, анткени Ташкентке мындан 11 жыл мурда россиялык алдыңкы КВНлер келип оюн коюп кетишкен.

Ошондой эле бул окуяны КР менен Өзбекстандын ортосундагы алакалардын жаңы тизгини десек болот.

“Азия Mix” оюну эки күн өтүп, кийинчерээк Zor TV аркылуу эфирге чыгат.

Original url : kabar.kg