Latest articles

Кыргызстанда кургак учукту дарылоонун жаңы ыкмасы киргизилүүдө

Кыргызстанда кургак учукту дарылоонун жаңы ыкмасы киргизилүүдө

Кыргызстанда кургак учукту дарылоонун кыскартылган 9 айлык курсу киргизилүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев маалымдаган.

Кургак учукту кыска мөөнөттө дарылоо боюнча демилгени USAID колдоого алган. Учурда жаңы ыкма менен 74 пациент дарыланууда. Министрдин айтымында, кыска мөөнөттүү дарылоо курсу жакшы натыйжасын берип жатат.

Буга чейин Кыргызстанда кургак учукту дарылоо процесси 24 ай деп белгиленген болчу. Бирок бул мөөнөттүн көптүгүнөн оорулулар толук дарылоо курсун алуудан баш тарткан учурлар көп катталган. Мындан улам, жаңы 9 айлык мөөнөттө дарылоо ыкмасы киргизиүүдө.

Original url : maralfm.kg