Latest articles

Медицинанын бюджеттик бөлүмүн аяктагандар аймактарда иштөөдөн баш тартса, окуу акысын мамлекетке кайтарып берет

Медицинанын бюджеттик бөлүмүн аяктагандар аймактарда иштөөдөн баш тартса, окуу акысын мамлекетке кайтарып берет

25-июлда өкмөт үйүндө медициналык кадрларды даярдоо жана андагы негизги көйгөйлөрдү чечүү максатында вице-премьер-министр Камила Талиева башында турган жыйын өттү. Камила Талиева медицина тармагындагы негизги 6 көйгөйдү белгилеп, аларды чечүүдө аныкталган стратегияны иштеп чыгуу керектигин белгиледи. Башкы көйгөйлөрдүн катарында медкызматкерлеринин сапаты жана аларды аймактарга бөлүштүрүү маселеси турду. Аймактарда жаш адистерди колдоодо жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан эч кандай шарттар түзүлбөй жаткандыгын айтып, аталган маселерди күз айларында кайрадан талкууга алып, чечүү керектигин өз сөзүндө билдирди.

Аймактарда медицина кызматкерлеринин жетишсиздигин жоюу үчүн контрактык же бюджеттик бөлүмдө окуганына карабастан, жогорку медицина окуу жайын бүтүргөн адис шарттуу түрдө айыл жергесинде жок дегенде 2 жыл иштөөгө тийиш деген сунушун Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева киргизди.

Учурда саламаттыкты сактоо тармагындагы жогорку билимдүү адистерди республика боюнча 6 жогорку окуу жайлар даярдап чыгарат. Медициналык академияда контракттын баасы 30 миң сомдон ашат. Ал эми Кыргызстанда 200дөн ашык ооруканалар, 1000ге жакын ФАПтар бар.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Original url : maralfm.kg