Latest articles

Батыш бажы бекети аркылуу чет мамлекеттерге төө буурчак өтөт

Талас облусунда төө буурчак бышкандан баштап Казакстан, Россия, Румыния, Болгария, Түркия, Македония, Сербия, Грузия, Молдавия мамлекеттерине экспортко чыгарыла баштайт. Экспортко чыгарылган товарлардан бажы төлөмдөрү алынбайт.

Бул тууралуу Батыш бажы постунун жетекчиси Алмаз Мамбетов пресс-турга барган журналисттерге билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда Батыш бажысы “бирдиктүү терезе” аркылуу иш алып барууга даярдыктарды көрүп жатат. Бир айдан бери видео байкоо жүргүзүлүүдө. “Бирдиктүү терезе” аркылуу иш алып баруу боюнча адистерди окуудан өткөрүп жатышат.

«Негизги тартип бузуу - бул алып өтүп бара жаткан товарлардын көлөмүн жашыруу болуп саналат. Өктөн жылы жеке тараптардан 58 факты, юридикалык жактардан үч тартип бузуу фактысы катталган. Жеке адамдар өзү менен кошо бажы постунан 50 кг гана жүк алып өтүшү керек. Бирок, кээ бир учурда ашыкча салмактагы жүктү алып өтүүгө аракет кылган адамдар тартипти бузушат. Бажы кызматы чогулткан каражаттын баары мамлекеттин казынасына түшөт»,-дейт А.Мамбетов.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА,ТАЛАС

26.04.2013, №16