Latest articles

"Азия MIX" Жогорку, ал эми "Бруклин" борбордук лигага өттү

"Азия MIX" Жогорку, ал эми "Бруклин" борбордук лигага өттү

Кыргызстандык шайырлар жана тапкычтар Сочи фестивалынын жыйынтыгы менен мыкты ийгиликтерге жетишти — "Азия MIX" Жогорку лигага өтсө, ал эми Кыргызстандын КВН боюнча курама командасы борбордук лигада ойномой болду.

Кыргызстандын "Азия MIX" командасы КВНдин 2016-жылдагы Жогорку лигасына өткөнү оюндун расмий сайтында айтылат.

Эл аралык КиВиН-2016 фестивалы 11-25-январь күндөрү Сочинин Красная Поляна аймагында өттү. Анын жыйынтыгы менен КВНдин телевизиондук жана башка лигаларынын катышуучулары тандалып алынды. Фестиваль гала-концерт менен аяктады.

"Азия MIX" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров Instagram түйүнүндөгү аккаунтунда топтун кайрадан Жогорку лигага өткөнүн жар салган.

"Сочидеги КиВиН-2016 фестивалынын гала-концерти жаңы эле аяктады. Эмки сезондо жолугушканга чейин", — деп айтылат билдирүүдө.

Ага чейин команданын курамындагы Ситора Фармонова "Жылдын КВНдеги айымы" номинациясында үчүнчү орунга ээ болгону айтылган.

Фестивалдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын дагы бир "Бруклин" курама командасы каттоодон өткөн 400 команданын 100 мыкты тобунун катарын толуктаган. Ал КВНдин Борбордук лигасына өтүп, каалаган оюнуна катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Original url : sputnik.kg