Latest articles

Барактык бир нече адам өз үйүнө бара албай талаада жүрөт

Кара-Суу районунун Барак айылына жол ачыла элек. Эскерте кетсек, Барактыктар Кыргызстанга өтүүчү "Бирлешкен" жана "Ак-Таш" чек ара бекеттери 17-январда Баткендеги Чарбак жаңжалынан кийин жабылып калган.

Анклавда жайгашкан айыл тургундары чек ара бекеттери жабык болгондуктан, эки айдан бери Кыргызстанга каттабай калышкан. Бирок ар кандай себептер менен Ош шаарына чыгышкан Барак айылынын тургундары бир айдан бери өз айылдарына кете албай ара жолдо жүрүшөт. Айтымдарында айылга каттам Кызыл-Кыя шаарындагы өткөрүү бекеттери аркылуу уруксат берилген. Бирок Барактыктарга ал жол менен каттоо кыйынчылыкты жаратууда. Бул жактагылардын баарынын туруктуу жата турган, жашай турган жайлары да жок. Ошондуктан 19-март күнү 30дай адам Ош облустук акимиаттын алдына келип, өз айылына кайтууга же убактылуу жашоого жай таап берүүгө бийликтен жардам сурашты. Бул тууралуу Барак айыллынын башчысы Бурканбек Ашыров билдирет. Бирок азырынча алардын кайрылуусуна бийликтегилерден жооп боло элек.

ЗЫЙНАТ ИБРАИМОВА, ОШ

22.03.2013, №11