Latest articles

Жалпак-Ташта көчкүнүн айынан 4 айыл байланышсыз калды

12-марттан 13-мартка караган түнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 21-чакырымында (Гер-Таш участкасында) көлөмү 700 миң куб метр болгон жер көчкүсү жылып, унаа жолун тосуп калган.

Азыркы учурда жер көчкү Шор-Суу суусунун нугуна жеткен, бирок ал өз нугунда агууда. Көчкү жолду бөгөп, Түз-Бел, Кара-Таш, Үч-Капчал, Арал айылдарынын 5 миңге жакын эли райондун, облустун борборуна каттоочу жалгыз жол тосулган. Жалпак-Таш айыл округунун башчысы Сооронбек Паизовдун айтымында, көчкү түшкөндөн бери бир жума убакыт өтсө да тазаланбай жатат. Жол Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) тиешелүү эмес, ал эми Транспорт министрлиги болсо кабар алган жок. Буга чейин да эки жолу көчкү түшүп, эл аны өз күчү менен тазалашкан, бирок бул саам көчкүнүн көлөмү чоң болгондуктан күчү жетпей турат. Эскерте кетсек, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл округунун шарты катаал, тоолуу аймак. Мында 1500 кожолукта 8 миңден ашуун эл мал-жандык багып, жашоо кечирет. Учурда беш миң адам көчкүдөн улам жол азабын тартып, азык-түлүк тартыштыгы күч алды. Аларга райондук мамлекеттик администрация тарабынан ун, май жана башка күндөлүк керектелүүчү азык-түлүк жөнөтүлүүсү күтүлүүдө. Адистер көчкү тынымсыз жылып тураарын такташкандыктан, жергиликтүүлөр башка жол куруп берүүнү бийликтен суранып жатышат.

ЗЫЙНАТ ИБРАИМОВА, ОШ

22.03.2013, №11