Latest articles

Дымагы күчтүү, халтущик ырчылардын заманыбы?

Ырчылар менен маектешип жүз көрүшүп калганда радио тармагына болгон таарынычтарын айтып келет. "Ырыңды элге угузуш үчүн акча беришиң керек" деген дооматы канчалык деңгээлде суу кечээрин билгенге аракет кылдык.

Тынчтыкбек Кожобеков,"Миң Кыял" радиосунун музыкалык продюсери: "Халтурщик ырчылар көп"

- Радиолордун ставкалары тууралуу сөз кылып жаттык эле?

- Жеке биздин радио ырчылардын ырынын музыкасына, сөзүнө, аранжировкасына маани беребиз. Жаш ырчылардын 90% халтурщик. Бир заматта ыр жаздырып, радиого алып келип чыгарып жылдыз болгусу келет. Мындай оңой жолго баары качырып жатат дегенден алысмын. Мисалы, Дайыр Исмадияровду алалы. Аракет кылып ырларынын сапатына көңүл бурат. Аранжировканын мыкты жасатат. Ошол эле учурда, атын айтпай эле коеюн, улуу муундагы эжей-агайларыбыз атына, эстрада чөйрөсүндөгү салмагына таянып, эптеп бир ырды чампалап алып келишет. Анан кимисинин ырын кетиришибиз керек?

- Ошондо жаман-жакшы ыр экенин сиздердин радиодо ким талдайт?

- Бир нече адамдан турган кеңеш бар. Жаңы ырды ырчы алып келгенде чогуу угабыз. Форматыбызга туура келсе - кетиребиз, начар болсо кайтарып беребиз. Мага ырчы жакпашы мүмкүн. Бирок анын чыгармачылыгында эмне жазык? Чыгармасы мыкты болуп турса кетиребиз. Азыр ырчыларда изденүү деген жок. Ар бир экинчи ырчынын репертуарында "Сары -Ой", "Эсимде", "Жар-Жар" деген чыгарма бар. Чыгармачылык тынымсыз изденүүнү мен Бек Борбиевден гана көрө алам. Калгандары эски ырларды жаңылоо менен гана алек. Эптеген сапаты начар чыгармаларды радиодон кетириш керекпи? Кээ бир ырчылар чыгармасы начар экенине көзү жетип турса акча сунуштайт. Аны өзүнө кайтарып берип ошол акчага ырыңды жакшылап жаздырып кел деп жиберебиз.

- Радиолордон сөзүнүн мааниси жок ырлар көп кетет деген сынга кандай жооп айтасыз?

- Радиого күнөө коеордон мурда ошол сапатсыз ырдын сөзүн жазып жаткан акынга, музыкасын эптеп окшоштурган обончуга, ырдын аранжировкасын чампалап жасап туруп ырчынын колуна карматкан аранжировщикке ушул суроону узатыш керек.

Эльмара Турсуналиева, "Кыргыз радиосунун" музыкалык редактору: "Он сегиз жаш" деген ырды жок дегенде 25 ырчы ырдайт "

- Ырчылардын ырын тандоодо көркөм кеңеш кандай иш алып барат?

- Көркөм кеңештин курамында Рафаэль Сарлыков, Түгөлбай Казаков, Турдубек Чокиев, Кыялбек Урмамбетов бар. Бул инсандар ырдын баардык тарабынан талдап чыгат. Сөзүнүн мааниси, обону, аранжировкасы...кыскасы төгөрөгү төп келишкен ырды эфирден кетиребиз. Курама обон деген түшүнүк ырчылардын арасында күч алды. Ар кайсы обондун башын чампалап туруп ыр жаздырып келишет. Уккандан киши уялат. Өзүнө кайтарып берсең чыгармачылыгыма бут тосуп, көрө албай жатат деп чыгышат. Ырчыларда изденүү жок. "Он сегиз жаш" деген ырды азыр кеминде жыйырма беш ырчы аткарып жүрөт. Мунун өзү уят. Дымактары да күчтүү. Оңой жол менен жылдыз болгулары келишет. Чыгармачылык бир топ курамдыкты, эмгекти, таланты талап кылаарын азыркы ырчылар түшүнбөй жатат.

- Сиз жаш ырчылардын бири Нурбакыт Разаковдун продюсерисиз. Анын атын чыгарууда өзүңүздүн кадырыңызды салган учур кездешеби?

- Нурбакыттын репертуарында залкар адамдардын сөзүнө, обонуна жазылган чыгармалар бар. Мен биринчи кезекте сапатка көңүл бурам. Сапатту чыгарманы таанытуудан уялбайсың да. Албетте, шоу чөйрөсүндө таанышты ортого салган учур көп эле кездешет.

Ырчылар эмне дейт?

Съездбек Искеналиев, ырчы: "Мен аларга таарынбайм"

- Мурдакыга караганда азыр ырчылар ырын радиолордон раскрутка кылганга жакшы шарттар түзүлдү. Ырыңды CD диске жаздырып беребиз. Ырдын форматы өздөрүнө ылайык келсе радиодон кетиришет. Туура келбесе кетиришпейт. Мисалы, менин ырларым "Тумар" радиосунан көп кетпейт. Бирок мен ага таарынбайм. Себеби, алардын форматына чыгыш стилиндеги ырлар ылайык келет экен. Шоу чөйрөсүндө өзүңдүн ордуңду таап алсаң, ырларың радиодон "без проблем" кетип турат. Радиого жаңы ырымды бергенден кийин бир күндө канча жолу эфирге коюлду деп аңдыбайм деле.

Рыскелди Аскарбеков, жаш ырчы: "Оңдоп кел деп жиберишет"

- Менин атым жаңыдан таанылып жаткан соң ырларымдын радиодон кетип жатканы сүйүндүрбөйт койбойт. Бирок дайыма эле алып барган ырым жарайт дегенден алысмын. Кээде аранжировкасын оңдоп кел деп жиберген учур көп эле болот. Андайга таарынбайм деле. Радионун форматына тууралап кайра жаздырып барам.

Жанетта Бобкова: "Жылдыз оорусуна малынгандар көп"

- Азыр ырчы көп, атаандаштык арбыды. Ырыңды раскрутка кылыш оңой болбой калды. Жаш ырчылардын көбү жылдыз оорусуна малынышпадыбы. Атын чыгарыш үчүн радиолорго акча сунуштагандан деле кайра тартпайт. Биз орто муундагы ырчыларга кирип калдык, атыбыз бар дегендей. Радиого барганда акча сураган же таанышты ортого салган учурга туш болгон эмесмин.

Original url : www.kabarordo.kg