Latest articles

Дыйканга жер - казына

Дыйканга жер - казына

Бала кезимде, апамдардын картошканын їрєнїн сактап, анан жазында жетишинче тигип, жетпегенин кошуна-колоўдор менен алыш-бериш болуп айдашып алаарын кєп байкаар элем. Сабиз, чалган, кызылчанын уругун дунгандардан сатып келип, себишээр эле. Анткени, ошол кезде талаа жумушу менен дунган улутундагылар кєп эмгектенишчї. Їрєндєрдї, уруктарды атайын чарба бакчаларында єндїрїп, райондун базарларында сатышчу. Эми ГМКден (генно-модифицированные компоненты) жаралган “гибриддердин” заманы болуп, климаттын шартына ылайыкташкан їрєндєрдї алуу, колдонуу, жайылтуу єзгєчєлїгїн эч ким єздєштїрбєй калды. Бїгїнкї кїндє, ошол 92% жергиликтїї климатка шартталган сапаттуу сорттордун їрєнї таптакыр жок болуп кетти. Бул кесепет їрєндєрдїн єспєй калышынан эмес, єндїрїїнїн токтоп калышынан келип чыгып жатат.

Кыргызстан климаттык шарты боюнча жашылча-жемиштердин єсїшїнє зарыл болгон жарык, жылуулук, єзгєчє їрєнгє керектїї кїндїн тийген радиациясы жетиштїї жана алардын бардык фазаларынын жїрїшї менен єтїшї їчїн табиятынан ыўгайлуу экендиги мурдатан маалым. Жада калса кїндїн чыгышы менен батышына чейинки убакыттын узундугу, анын акырындап кыскарышы да талапка жооп берет. Мурда ушул климатка ылайыкташтырып, Кыргызстанда єзїнїн абасына, суусуна, топурагына, кїндїн температурасына, шамалынын туруктуулугуна, табигый жер нымдуулугуна ылайыктуу жашылча-жемиштердин сорттору єстїрїлчї. Мындай учурда сорттук кєчєт їчїн да, сорттук їрєн їчїн да єсїї жєндємдїїлїгї эске алынып, ар бир региондордун аба ырайына ылайыктуу пландаштырылып, жалпы республика боюнча тїшїм-тоют єндїрїм балансы сакталууга тийиш болчу. Бул багыт туруктуу сорттогу їрєндєрдїн бардык тїрїн сактоого шарт тїзчї. Ал гана эмес, 1970-80-жылдарда кээ бир жашылчалардын їрєндєрї, єзгєчє пияз менен беденин їрєнї биздин республикада єстїрїлїп, Союздун фондун толуктап, айрым їрєнчїлїккє ыўгайсыз шарттагы башка республикалар їчїн єстїрїлїп келген. Демек, бул фактылар Кыргызстанда жашылча-жемиштердин їрєнїн єндїрсє боло тургандыгын, биздеги їшїксїз кїндєрдїн узундугу, тєрт мезгилдин болушу, таза суунун жетиштїїлїгї їрєнчїлїктїн эффективдїїлїгїн тїзєєрїн далилдеп турат.

Жашылча єсїмдїктєрїнїн їрєнчїлїгї

Жашылча єсїмдїктєрїн товардык же їрєндїк кылып айдоодо, биринчиден, жерди туура тандап, туура даярдаш керек. Єсїмдїк їчїн жер азык-затка бай, кїнєстїї, сууга жакын болуусу зарыл. Экинчиден, жашылчалардын сортторун тандоодо алардын мелїїн аймакка бышуу єзгєчєлїгїн, їчїнчїдєн, жашылчалардын жылуулукка болгон талабын эске алуу керек. Мисалы, капуста, пияз, сабиз, аш кєк (укроп) суукка чыдамдуу, їрєндєрї 2-4С температурада калыптана алат. Сабиз, аш кєк 5-8Сда єнсє, 10-16С жакшы єсє баштайт. Томат 10-12, бадыраў 14-16, калемпир 18С жогорку температурада гана єнїїгє жєндємдїї. Єсїї, єнїгїї їчїн 26-28С ыўгайлуу, ал эми кїн ысып, 30С жогорку болуп кетсе, бат-бат сугарып, жерди мелїїндєтїї керек.

Пияз єсїмдїгїнєн їрєн алуу агротехникалык ыкмалары

Кыргызстандын бардык зоналарынын климаттык шарты пияздын сапаттуу жана жогорку тїшїмдєгї уругун алууга єтє ыўгайлуу. Пиязды жазында же кїзїндє отургузуп, урук алса болот. Кїзїндє отургузулган энелик пияздар эрте жазда бат єсїп, єсїї фазалары кїн ысый электе ыўгайлуу шартта єтїп, жогорку тїшїмгє єбєлгє болот. Чїй єрєєнїндє жылдын ысык-суугуна жараша сентябрь-октябрь айларынын 10-кїнїнє чейинки убакытты камтыйт. Элиталык уруктарды алуу їчїн кышкы сактоодон кийин, эрте жазда илдетсиздери тандалып алынып, жєєктєргє отургузулат. 1 гектар жерден 300-400 миў даана энелик пиязды алууга болот. 1 гектар жерге 95-140 миў энелик пиязды отургуза турган болсок, сактаганга жаздык тандоолорду эске алып, 120-170 миў пиязды сактоо керек, ошондо 1 гектар уруктук пияздарды даярдоо їчїн 0,3-0,5 гектар жер талап кылынат. Энелик пияздарды талаага тигеерден мурун 20-30 кїн мурун сакталган жерден жылуулугу 200 болгон жерге чыгарып койсо, єсїїсї абдан бат болот. Отургузуу жагынан энелик пиязды майдалары 30-50 грамм болсо, аралыгы 70х 8-10 см, ортолору 50-70г болсо, 70х 10-15 см, чондору 70х20 см кылып айдалат. Кыргызстандын тїштїгїндє, Чїй єрєєнїнїн климаттык шартында пиязды август айында жерге жєєк кылып, суюк сээп, жерге казбай калтырып койсок, эрте жазда єсїп чыгып, гїл сабак байлап, гїлдєп, урук берет. Урук алуу їчїн кїзгї себїїдє пияз жер бетине чыгып, жок дегенде 5-7 жалбырак болуп єсїп калуусу керек. Андан аз болгон учурда алар гїлдєбєйт. Аларды кїзїндє тїптєп коюп, эрте жазда тырмап, азыктандырып, сугарып сапаттуу урук алууга болот.

Сабиз єсїмдїгїнєн їрєн алуу агротехникалык

ыкмалары

Сабиз - эки жылдык жашылча, биринчи жылы тамыр азыгын берсе, экинчи жылы гїл сабак, чатырча жана гїлдєп уругун берет. Сабиз толук бышып жетилгенде, орто єлчємдєгї жакшыларын тандап, ящиктерге салып, кум менен кємїп, муздак подвалдарга сактайбыз, сакталгыч жерлердин жылуулугу пияздыкындай 0-1, -3-400С болуп, нымдуулугу 80-85% болушу зарыл. Кум кургак болушу керек, болбосо, илдеттер пайда болот. Эрте жазда аларды жакшылап тандагандан кийин, эки жумага жылуу жерлерге же парниктерге куму менен же жерге кємїп койгондон кийин ордуна талааларга тигип койсок бат єсїп, бардык фазалары ыўгайлуу учурда жїрїп, уруктар сапаттуу жана тїшїмї кєп болот. Сабиз кайчылаш чаўдашкан єсїмдїк болгондуктан, аралык изоляциясын сактоо керек. Єзгєчє жапайы сабиздерден сактоо їчїн, жапайы сабиз єсїп чыгары менен гїлдєтпєстєн аларды убагында жулуп жоготуу зарыл. Сабиз чатырчасын биринчи гул сабактын єзїндє, анан бир бутагында, кийин 2-3 улам кийинки бутактарда пайда кылат. Улам кийинки пайда болгондору кеч гїлдєйт, урук да толук бышпайт же майда болот. Кыргызстандын шартында сабиздин уруктары июль айынын орто ченинде эле биринчи пайда болгон чатырчаларда быша баштайт. Бышкан чатырчаларды сабагы менен улам бышкандарын улам жыйноо керек, болбосо алар шамал кыймылдатса эле жерге чачыла берет. Чатырчаларды жакшы кургатып, майдалап, тазалагандан кийин 11% нымдуулук менен сакталат.

Капуста єсїмдїгїнєн

їрєн алуу агротехникалык ыкмалары

Капуста жашылчасы - эки жылдык, кайчылаш чаўдашкан жашылча, биринчи жылы товардык азык-затка жараган баштарын пайда кылса, экинчи жылы тамыры менен сактагандан кийин жерге отургузуп урук алабыз. Агротехникасы кадимки бир жылдык капусталарды єстїргєндєй эле. Кїзїндє капусталарды жыйноонун алдында капусталардын илдетсиздерин, толук бышканын, тїшїмдїїлїгїн байкап тандап сактагыч жайларга жайгаштырабыз. Сактагыч жайлардын температурасы 0-10С, нымдуулугу 80-90%, андан ашса илдеттери пайда болот же єсїп кетиши мїмкїн. Эрте жазда жакшылардын єсїп кетпегенин тандап, алардын ортодогу мардегин (кочерыжкасын) жалбырактардан бєлїп чыгарып, жерге аралыгын 80-90-100 х 50-60-70 см. Тереўдигин тамырларга жараша кылып тигебиз. Кїндїн ысыгына жараша сугарабыз, отоо чєптєрїн отойбуз, тїптєйбїз, урук бышканда убагында жыйнайбыз. Болбосо, чанактар єтє бышып кеткен болсо, ачылып кетип, уруктар жерге чачылып тїшїп калат. Капустанын гїлї алды жагынан баштап гїлдєйт. Кезеги менен гїлдєгєн гїлдєргє жараша бышуусу да ар тїрдїї, ошонон улам бышкан урукту улам жыйноо керек. Бир єсїмдїктєн 10-15 г кээ бирлеринен 200 граммга чейин урук алса болот. 1 гектар жерге сортуна жана энелик капустанын кєлємїнє жараша 40-50 миў даана отургузулат, баштары майда болсо, жакын отургузуу керек. 1 гектар жерден 0,5-1,2 тонна урук алса болот. Демек, 1200 кг х 500 сомдон сатылса, 600 миў сом болот. Жашылчалардын їрєнчїлїгї пайдалуу киреше алып келїїдє абдан эффективдїї.

Бадыраў єсїмдїгїнєн

їрєн алуу агротехникалык ыкмалары

Бадыраў кайчылаш чаўдашкан бир жылдык, эрте бышкан жашылча. Ошондуктан, урук алууда эки сорттун аралык изоляциясын 600-800м. Дарактар тосулган болсо, ачык жерлерде 2 км аралык сєзсїз сакталышы керек. Болбосо, таза сорт алынбайт. Бадыраўдан таза сорттуу урук алуу їчїн, бадыраўдын кєчєтї чыккандан баштап, тандоо жїргїзїї абзел. Жалбырагы окшошпосо, илдеттїїлєрїн, начар єскєндєрїн, энелик гїлдєрї аз болгон єсїмдїктєрдї жулуп таштоо керек. Гїлдєрїнїн єўї башка болсо, мємєлєрїнїн формалары, сырткы кєрїнїшї окшошпосо да аларды уруктукка калтыруунун кереги жок. Бадыраўдын уругу 1-2 бутактардагы эрте байлаган мємєлєрдє сапаты жагынан жогору, салмагы оор толук жетилген болот. Ошол мємєлєрдїн 2-3 даанасын урукка калтырсак, кеч кїзгє чейин, уругу толук бышыш їчїн саргарып, тордоп жата беришет. Ыўгайы келсе, бир єсїмдїктїн бутактарына жараша 5-7 мємєнї калтырууга болот. Уруктукка калтырылган бадыраўдардын астына шифердин сыныгынан ным єтпєгїдєй кылып тєшєп коюу керек. Кургак жерде бадыраўдын мємєсїн дагы 10-15 кїн жетилтип бышырууга болот. Айнек идиштерге бадыраўдын мємєсїн теў жарып, кашык менен уругун чыгарып, 3-4 кїн ачытып, таза суу менен жууганда, оор толугу менен бышкан уруктар идиштин тїбїнє чєгєт. Суунун їстїнє калкыгандарын тєгїп, калганын жууп, тез - бат кїнгє кургатып, айнек идиштерге же кездеме баштыктарга салып, сактоо керек. Дагы бир жолу: чоўураак идишке уруктарды салып, їстїнє таза кумду камырдай кылып, жууруп, кол менен уруктар тазаланганга чейин ышкалайбыз, таза суу менен жууйбуз, кургатабыз. Андан соў сактаганга коёбуз. Бадыраўдын уругу єнїмдїїлїгї 8-9 жыл сакталат. Бир мємєдєн сортторуна, уруктун кєлємїнє жараша 5-10 г, бир єсїмдїктєн 10-50 г урук алууга болот. 1г урукта 30-60 кээ бир сорттор майда уруктар болсо, 100-150 даана болот. Бир гектар жерге себїї схемасына жараша 40-60 миў даана єсїмдїк себилет. Бир єсїмдїктєн 10 г урук алсак, 1 гектардан 50 000х10г= 500 миў г же 0,5 тонна урук алсак болот экен. Эгерде, 500 кгх100 сомдон сатсак да 50 миў сом болот экен, калган мємєлєрдї товардык кылып сатууга болот.

Калемпирден їрєн алуу агротехникалык ыкмалары

Калемпир бир жылдык, кайчылаш чаўдашкан кеўири таркалган, витаминдїї жашылча, курамындагы витамин С лимондукунан да кєп. Калемпирдин эки тїрї бар, таттуу жана ачуу калемпир. Эки тїрї бири-бирине жакын єссє, чаўдашып кетип, ачуу калемпирдин гендери басымдуулук кылгандыктан, таттуусу да ачуу болуп калат. Ошондуктан, алардын уругун алууда этияттык керек жана аралык изоляциясын туура убагында жасап, сорттук тазалоону туура жїргїзїї зарыл. Ачуу калемпир кєчєтїнєн эле таанылат, алардын жалбырагы майда, сабагы ичке, єскєн кезде гїлї, мємєсї да майда болот. Таттуу калемпирдин таза сортун алуу їчїн андай єсїмдїктєрдї убагында жулуп салып, сорттук тазалоону, тандоону, єстїрїї агротехникаларды туура колдонуу керек. Сорттук тазалоону кєчєттєн баштайбыз, илдеттїїлєрїн, начар єскєн єсїмдїктєрдї уруктукка албайбыз. Талаада єскєн єсїмдїктєрдї гїлдєгєнгє чейин сортко окшошпогондорун сєзсїз жулуп салбаса, таза бир типтїї сорт алынбай калат. Башкаларга караганда калемпирдин уругун алуу оўой. Болгону, мємєлєр толук бышкан кезде жакшыларын, илдетсиздерин, тїшїмдїїлєрїнєн тандап, кирлерин жууп 4-6 кїн коюп коёбуз, алар жетилип бышышат. Идиштерге же чїпїрєктїн їстїнє калемпирди теў жарып же баш жагынан сабагы менен кошо уруктарын оюп алабыз дагы, алар толук кургагандан кийин уругун ушалап, тазалап жана 11% нымдуулукта сорттун качан, кайсыл жерден алынганын жазып, баштыктарга салып сактайбыз.

Фарида Бектурганова