Latest articles

Шалаакылыкка жол бергендерге кылмыш иши козголду

Шалаакылыкка жол бергендерге кылмыш иши козголду

Облус аймагында жаңы курулуп пайланууга берилгенден жарым жылга жетпеген аралыкта бир эмес эки мектеп кулап калып, аны сапаттуу курбаган курулуш компанияларына, аны кабыл алган жетекчилердин шалаакы мамилелерине эл арасында нааразылыктар пайда болду. «Курулуш ишиндеги кемчиликтерди карапайым адамдар биз көрүп байкап атабыз. Текшерүүгө алып, кабыл алган курулушту түшүнгөн тийиштүү адистерден турган комиссия мүчөлөрү кантип оркойгон кемчиликтерди билбей калсын. Бул иштерде коррупциялык жагдайлар болушу мүмкүн»-дешет күмөнсүгөн айыл тургундары.

Өткөн жылы Кочкор районундагы Ак-Жар орто мектеби жараксыз абалга келип, ураалап жаңы мектепте окуп баштаган балдар үстүнөн самсаалап куюлган көгүчкөндүн бокторунан качып сыртка чыгып жеке менчик үйлөрдө окуп калса, жакында мындай окуянын дагы бири жүз берди. Былтыр күзүндө маңдай жаркытып пайдаланууга берилген Ак-Талаа районундагы Сүйүмбек Атамбеков атындагы орто мектебинин ашкана менен дааратканасынын ортосун бөлгөн дубалы кулап түшүп, коомчулукту дагы бир дүрбөлөңгө салды. Анысы аз келгенсип 1-4-класстын окуучулары тамактануучу жайдын полуна тегиздеп кафель жаткырган жерлер бүт чөгүп, тири шумдук абалга келип калган.

Мугалимдердин айтымында окуя 2-март күнү болгон. Дубалдын кулаган учуруна биринчи күбө болгон Кадыраалы айылынын тургуну Тойматов Муратбек: -- Дубал кулай турганын буга чейин эле айтып келгенбиз. 2-март күнү саат ондон өткөндө мен даярдоо классына кызымды алып келгем. Сырттан киргенде эле ашкана жактын дубалы кулап түшүп чаң чыгып эле жатып калды. Бирок бала-чака жок болчу. Эч ким зыян тарткан жок-дейт. Аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Сасыкулов Съездбектин билдирүүсүндө 10-декабрда жылытуу системасы бузулуп окууга мүмкүн болбогондуктан эски мектепте окууну улантышкан. 19-январдан баштап жаңы мектепте окуй башташкан. Ошондон баштап дубалдан жаракалар пайда болуп, 26-февраль күнү дааратканадан чоң жарака кетип, 2-март күнү саат 11лерде дубалы толугу менен кулап түшкөн. Мындан кооптонгон ата-энелер балдарын сабакка жибербей коюшкан. 222 бала окуган мектепке бир дагы бала келбегендиктен окуу убактылуу токтотулган.

Мындай абалга учурунда эмнеге жергиликтүү бийлик тарабынан маани берилген эмес? Аны кабыл алган комиссия эмне себептен курулуш сапатын жакшы деп баалашкан. Буга эми ким күнөөлүү?-деген суроо туулбай койбойт. Чындыгында райондук бийлик кош көңүл болбой көзөмөлгө алып турган. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов башында турган комиссия 15-сентябрь күнү келип текшерип, курулуш иштериндеги кемчиликтерди санаган 15 пункттан турган актыга кол коюп, куруучу компаниянын өкүлдөрүнө аны жоюу боюнча талаптар айтылган экен. Актыда «откананын имаратка чейинки жылуулук трассасы 1,5 метр тереңдикте гана казылып көмүлүп калган. Имараттын күн батыш тарабындагы тамбурдун талапка ылайык тапталбагандыгынан полдун бетондолгон жери чөгүп жарылып жараксыз абалга келе баштаган. Спорт залдын полунун астына коюлган жыгач устундар ным тартып полу көөп кеткен. Сыртын жылуулоого колдонулган пенаплекст бекем бекитилбей сапаттуу аткарылбагандыктан сыртынан берилген декорлор сыйрылып түшө баштаган»-деген өңдүү 15 талап жазылган. Бирок куруучулар бул сунуштарга убагында маани бербей коюшкан өңдүү. Авариялык абал дал ошол жылытуу системасынан келип чыккан. Бирок ушундай кемчиликтерге көз жумуп, өкүнүчтүүсү акыркы текшерүүгө алып, кабыл алган мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү кабыл алуу актысына талапка жооп берет деп кол коюп беришкен. Алар болсо «бул жерде биздин күнөөбүз жок. Балдар окуй берсин деп айласыздан кол коюп бергенбиз,»-деп актанышууда.

Ал эми курулушту жүргүзгөн ортомчу компания дагы күнөөнү толук мойнуна алып, кемчиликтерди жанына жакын жууткусу жок. Курулушту ОСОО «Бишкек шаар курулуш» компаниясы жүргүзгөн. Атына заты окшошпой калган бул компаниянын аткаруучу деректири Ахмедов Бөрүбай: - Мектептин курулушуна 64 млн сом жумшалган. Долбоор боюнча эле курулган. Окуя трансформатор иштебей калып, суу тетиктери жарылып калгандан болгон. Чатырчадагы эки темирдин кошулган жери кар оор түшкөндө ажырап ошого туруштук бере албай ачылып калып, ичине суу түшүп баштаган. Суу дубалдын чөгүшүнө жеткиргендиктен ушундай болду. 10 күн ичинде кайра жасап беребиз. Окууга таасир этпей кечки 5тен баштап иштейбиз. Май айында келип толук ремонттон өткөрүп беребиз, кат бердик,-деп жооп берди.

Долбоор жасалып бүткөндө эки жолу мамлекеттик комиссиядан өтүп жактырылгандыгын айткан долбоордун автору, архитектор Мырзакулов Таалай:

- Долбоордо кандай көргөзүлсө ошондой аткарылыш керек болчу. Ошондо көйгөй чыкмак эмес. Булар техникалык айрым кемчиликтерге жол беришкен. Пайдубалы, каркас жакшы жасалган. Сөөгү бекем. Андай деле кооптуу эч нерсе жок-деди бизге маалымат берип жатып.

Атайы иликтөөгө алуу үчүн Бишкек шаарынан келген КРнын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш, коммуналдык турак жай, чарба агенттигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия каркаста коркунуч жок болгондуктан мектепте тогуз окуу класстары болсо, жети кабинетке окуу процессин улантууга болот деп чечим чыгарып беришти. Ал эми урап калган ашкана менен дааратканын ортосун тургузуп, чоң жарака кеткен эки классты кайрадан жасап берүү жагы курулушту жүргүзгөн фирмага милдеттендерилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш, коммуналдык турак жай, чарба агенттигинин деректиринин кеңешчиси Кадаңбай Бактыгулов төмөндөгүлөргө токтолду. -- Курулуш иштерин жүргүзгөн ортомчу кампания тарабынан кетирилген кемчиликтер бар. Биз аларды тактадык. Кемчиликтерди кайра жасашат. Мындан нары жарака ачылабы аны тийиштүү адистер маяк деп коёт ошону коюп изилдейт. Андан кийин ар бир дубал боюнча жыйынтык чыгарабыз. Жер титирөөгө каршы изилдөө институту бар. Андан атайын адистерди алып келгенбиз. Алар өз изилдөөлөрүн жүргүзүп жатышат. Аспаптык изилдөөсүн жүргүзүп текшеришет. Тапталган жерлердин тыгыздыгы, нымдуулугу канча ошо боюнча жыйынтык чыгарат. Муну экотехинспекция кабыл алып кол коюшкан. Мамлекеттик кабыл алуу жүргүзгөн жетекчилердин дагы жоопкерчилигин сурайбыз.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгырым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов:-- Кочкордогу Ак-Жар орто мектебин сапатсыз салынганына карабай курган ортомчу компаниялар жазаларын алган эмес. Алар жазаларын алганда башкаларга да сабак болмок. Ошонун кесепетинен ортомчу компаниялар ойлонбой бул мектеп да сапатсыз бүткөн. Ошон үчүн укук коргоо органдарына тапшырмалар берилди. Бул ортомчу компания күнөөлүү болсо, буларды жоопко тартып, керек болсо лицензиясын алып, курулуш иштерине такыр жолотпош керек-деген оюн билдирди.

Учурда мектептеги абал боюнча Нарын облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Мамлекеттик актыга кол коюп кабыл алышкан комиссия мүчөлөрү, курулушту курууга тапшырма берген тарап, курулуш иштерин жүргүзгөн компаниянын өкүлдөрү сурак беришүүдө. Жыйынтыгы кандай болот иликтөө иштери бүткөндөн кийин билинет.