Latest articles

ОРЧУНДУУ МАСЕЛЕЛЕР ОҢУНАН ЧЕЧИЛҮҮДӨ

ОРЧУНДУУ МАСЕЛЕЛЕР ОҢУНАН ЧЕЧИЛҮҮДӨ

Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында Ак-Сай өрөөнүндөгү Көк-Кыя, Иймек-Суу аймагынан малдын кутурма оорусу катталган эле. Бул дарттан төрт жылкы, беш топоз, он чакты майда жандык өлүп, Ат-Башы райондук чумага каршы бөлүмү, ветеринария кызматы тарабынан кутурманын жугуусунун алдын алуу боюнча вакцинация иштери жүргүзүлсө, Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина бөлүмү тарабынан адамдарга эмдөө иштери жүргүзүлгөн. Дал ушул абал менен жеринде барып таанышуу максатында ветеринария кызматын, медицина кызматкерлерин, жол тейлөө ишканасын, аңчылык департаментинин Нарындагы өкүлүнөн турган топту жанына алып, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жакында Ак-Сай жергесинде болду.

Иш сапардын жүрүшү алгач «Торугарт» бажы өтмөгүнөн башталды. Быйыл бажы бирлигине кирүү үчүн аталган өткөрүү жайынын кызматкерлери жаңыдан алынып келүүчү заманбап жабдуулар менен иштөөнү үйрөнүп Россияга барып окуудан өтүп келишүүдө. Буга чейин үч адам окуп келишкен. Дагы үч адам окууга жөнөтүлгөн. Жалпысы 12 адам окуудан өтүүгө тийиш. Облус жетекчиси Аманбай Кайыпов бажы бирлигине кирүү үчүн көрүлүп жаткан даярдык иштери тууралуу мына буларды айтты. -- Өкмөт башчы Жоомарт Кайыпович өткөндө өзү келгенде даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берип кеткен. Ошонун үстүндө иштөөдөбүз. Мурунку «Торугарт» бажы өтмөгүндөгү имараттар Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын балансына карачу. Бажы бирлигинин талабына ылайык аларды бажы кызматынын балансына өткөрүп берип жатабыз. Андан тышкары керектүү жабдуулар алынып келинип буюрса 8-майга «Торугарт» бажы пункту даяр болот.

Ал эми атайы малчыларды кыдыруу жалпысынан оңунан чыккан жок. Март айында башталып бир айга созулуучу шамалдын кесепетинен жолдордун баары күрткүгө толуп машиналар карга тыгылып жол жүрүү оор болду. Отоо-Таш аймагындагы малчылардын абалы менен таанышканыбыз менен тилекке каршы кутурманын очогу катталган Иймек-Суу, Көк-Кыя аймагына машиналар бара албай, ал тургай облус жетекчиси А. Кайыпов отуруп бараткан алдыңкы машина Терек суусунан өтүп баратып муз жарылып сууга түшүп кетишип, ал жерде автоунааны араң чыгарууга туура келди.

Кутурма катталган аймак тууралуу Ат-Башы чумага каршы бөлүмүнүн жетекчиси Рахман Каримжанов төмөндөгүдөй маалымат берди. -- 25-февраль күнү Көк-Кыя аймагында жайлаган малчылар үч жылкы өзүнчө албууттанып, оозунан шилекей агып өлүмгө дуушар болгонун билдиришкен. Окуя 23-февраль күнү болгон. 26-февраль күнү Ат-Башы чумага каршы бөлүмүнүн негизги кызматкерлери, райондук ветеринардык кызматтын инспекторлору барып үч жылкынын башын эрежеси менен кесип алып жатканда дагы бир жылкы чабынып жатканын көрүшүп анын да башын кесип келип Бишкекке лабораторияга жибергенде кутурма оорусу болуп чыккан. Биздин эскпертизанын жүргүзгөн алдын ала маалыматтары боюнча түлкүдөн жугушу мүмкүн деген божомол ой бар. 12 күндөн 90 күнгө чейин оору билинбейт. Ага чейин дарылаш керек. Эгер оорунун белгиси чыгып билинип калса кишини 100 пайыз өлүмгө дуушар кылат. Барган топ болгон малдарга кутурмага каршы вакцинация кылышкан. Азырынча коркунучтуу жагдай жок.

Ал эми Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун деректири Анара Бердикожоева: -- Коркунучтуу кутурма оорусу эл арасында жок. Ошондой болсо дагы короосунан кутурма оорусу менен ооруган малы болгон кээ бир үй-бүлөлөрдү шарттуу түрдө вакцинация жүргүзүп жатабыз. 20га чукул адам Ат-Башы үй-бүлөлүк медицина борборунан алдын алуу багытында эмдөөдөн өтүшкөн. Азыр көзөмөлдө болуп жатышат.

Нарын облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Алымкулов Жалил: -- Ат-Башы өрөөнүнөн жалпысы үч кутурма оорусу боюнча үч башка учур катталган. Ак-Сай өрөөнүнүн Сары-Иймек кыштоосунан дагы бир чабандын койлорунан оору чыгып анализден кутурма деп чыгып келген. Негизи жуктуруу булактарын азайтып, түлкү, чөө, карышкырды көбүрөөк атыш керек. Жалпысынан эпизоотиялык абал облус боюнча тынч.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов бул абал тийиштүү кызматтар тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынып жатканын, өзү тарабынан катуу тапшырмалар берилгенин айтты.

Жакшысы биз барган Отоо-Таш аймагындагы малчыларда ылаң катталган эмес. Бул жерде 20 жылдан бери мал кармарын айткан Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн тургуну Мөндүрбаев Рысбек 400 топоз, 600 кой жана 20дан ашык жылкысын кармап кыштап келет. Ал оторлор бири-биринен алыс болгондуктан малдары оорудан таза экенин маалымдап, бул жерде малды жайдыр-кыштыр жайып тоют маселеси жаралбагандыктан дайыма кыштап каларын билдирди. Бир гана көйгөй бир айдай катуу шамал болуп жолдор жабылып, байланышсыз калышат. Малдарын болсо ветеринарсыз эле өзү эмдөөдөн өткөрүп, үч айда бир келүүчү медицина кызматкерлерине көрүнүп, дары-дармекти арбыныраак камдап алышарын маалымдады.