Latest articles

Кадамжайга жаны акимдин милдетин аткаруучу келди

Кадамжайга жаны акимдин милдетин аткаруучу келди

Мадумаров Акрамжан Камбаралиевич

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-январындагы №28 буйругунун негизинде Мадумаров Акрамжан Камбаралиевич Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Мадумаров Акрамжан Камбаралиевич 1977-жылы Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында туулган. Билими жогору. 1994-жылы Кадамжай районуна караштуу А.Орозбеков атындагы орто мектепти бүтүргөн соң, Кыргыз агрардык акедемиясынын ветеринардык медицина жана биотехнология факультетине тапшырып, 1999-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган. Ошол эле жылы аталган окуу жайдын аспирантура бөлүмүнө кабыл алынган. 2005-жылы кандидаттык дисертациясын ийгиликтүү коргоп «Биология илимдеринин кандидаты» илимий даражасына ээ болгон. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын «Тышкы байланыштар» бөлүмүн аяктап жатат.

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин аспирантура бөлүмүн аяктаган. 2002-2006 жылдары анатомия жана физиология кафедрасында ассистент, ага окутуучу болуп эмгектенген. 2006-жылдын апрель айынан баштап, КРнын Президентинин иш башкармалыгында өндүрүштү жана прото-колдук иш чараларды уюштуруу бөлүмүнүн референти, 2008-жылдын сентябрь айынан Ош шаарындагы КРнын Президентинин түштүк резиденциясынын директорунун орун басары кызматтарында эмгектенген. 2009-жылдын июнь айынан тартып, ушул күнгө чейин КРнын Президентинин иш башкармалыгынын аппаратында протоколдук иш чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келди.

Үй бүлөлүү, 4 баланын атасы.