Latest articles

Нарын районунда атылган ар бир карышкыр үчүн 10 миң сомдон сыйлык берилет

Мындай маалыматты Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев билдирди.

«Өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпович өкүлдүн камкордук корунан бир карышкыр үчүн 5 миң сом бере тургандыгын айтты. Ал эми биз болсо айыл өкмөттөр менен сүйлөшүп, алар да 5 миң сомдон кем эмес сыйлык бермей болушту. Бир гана шарт бар. Жаңы атылган карышкырдын башы атайын комиссияга көрсөтүлөт жана кулагына бирка тагылат. Ошондон кийин акчасы берилет,»-дейт Т.Жанбоев.

Облустук өкүлчүлүктүн башкы адиси Табылды Жумагулов 2014-жылы облус аймагы боюнча болжолдуу эсеп менен алганда мал ээлери 9 миллион сомдон ашуун малын карышкырларга жедиргендигин маалымдады. Ал эми өткөн жыл ичинде 177 карышкыр, 54 чөө атылган.

Original url : kyrgyzkabar.kg